Ак сүтүн берген энекем

Эне-бул дүйнѳдѳгү теңдешсиз, эч кимге алмаштыргыс адам. Үч гана тамгадан турган «апа» деген сѳз биздин жашообуздун маңыз, мазмуну. Бул жашоодо энесиз адам жок. А түгүл жаныбарлар да энелерин теңдешсиз сүйүшѳт. Бизди тогуз ай кѳтѳрүп, анан  тѳрѳлгѳндѳ уйкудан калып, талыкпай, чарчап, чаалыкпай  эрезеге жеткирген биздин апаларыбыз. Кенедейибизден кѳзүбүздүн агы менен тең айланып, жыгылсак ордубуздан тургузуп, үшүсѳк жылытып, кайгы, кубанчыбызды тең бѳлүшкѳн энелерибиздин эмгеги баа жеткис. Апаңдын маңдайында эркелеп отуруп тамак ичкенден артык бакыт барбы?

Эне  баласына ак сүтүн берип, сүйүүсүн, мээримин тѳгүп, кандай гана жакшы тилектер менен ѳстүрѳт. Эне үчүн бардык балдары бирдей, ар бирин  ѳзүнчѳ жакшы кѳрѳт. Алыска кетсең  жалбарып, жол карап сени күтүп, окууга кетсең аман-эсен келсе экен деп санаа тартып, эне гана сенин шоктугуңду, тентектигиңди, кемчиликтериңди кечирип, сырыңды батыра алат!

Бирок ошол биздин жашообуздун маңызы болгон энелерибиздин ак сүтүн актоо канчалык кыйын экенин бардыгыбыз эле түшүнѳ бербейбиз. Кээ бирѳѳлѳр энелеринин жүзүн кѳрбѳй, эне жытына, эне мээримине, жылуу сѳзүнѳ зар болуп жүрүшсѳ, айрымдар энелерин баалабай, энелерин кайгыртып, сыздатышат. Энелерин карылар үйүнѳ алпарып таштап коюп жашап жүргѳндѳргѳ мен таптакыр эле түшүнѳ албайм. Андай адамдарды мен адам деп да эсептебейм. Элибизде «Эненин кадырын эне болгондо билесиң»,-деген жакшы сѳз бар.  Энеңди бүгүн сыйла, баркын бил, кѳңүлүн калтырба, эртең кеч болуп калат,-дешет акылмандар. Анын  сыңарындай апаларыбызды бүгүн сыйлайлы, баркына бүгүн жетели.

Нуржан Руслан кызы,
№17 гагарин атындагы  мектеп лицейинин
8-«А» классынын  окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>