Ош шаардык билим берүү башкармасынын кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарында олимпиаданын тѳртүнчү туру аяктап, анда биринчиликке чыккан 36 окуучу республикалык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Олимпиада 4 тур менен ѳтүп, 10 предмет боюнча акыркы аймактык турга 162 окуучу катышышты.
8-март майрамынын алдында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, Олимпиаданын жеңүүчүлѳрүн башкармалыктын жетекчиси Гүлайым Машрапова куттуктап, 1-2-3-орунду ээлеген 158 балага, 57 предметтик мугалимдерге Ардак Грамоталарды, баалуу белектерди тапшырды. Белгилеп кетүучү жагдай, олимпиадада Сема, Себат түрк лицейлеринин, Олимп, №20 Раззаков атындагы, №18 Навои, №50 Нышанов атындагы, №4 Киров атындагы, №5 Бѳкѳнбаев атындагы, №17 Гагарин атындагы, №40 Королева атындагы мектептер жакшы даярдык менен келишкендигин далилдешти. Азыркы мезгилде окуучулар 22-23-24-мартта Бишкекте ѳтѳ турган республикалык олимпиадага даярданышууда.
Нурсейит БАЙЫШ уулу,
№17 Ю.Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын
10-«А» классынын окуучусу
Комментарии