Келерки күзгѳ чейин!

«Данек» гезитинин  ачылышы менин  дагы бир  кесип  тууралуу  маалымат  алышыма, гезиттин ишин ѳздѳштүрүшүмѳ, тажрыйба алышыма ѳбѳлгѳ болду..  Анткени  мен  буга  чейин   журналисттин  иши ѳтѳ  жеңил, алар  ѳз  уккандарын гана  жазып  коё  берет  деп  ойлочумун,  а  негизи  бул кесип   эмгекти  талап  кылган түйшүктүү жана жоопкерчиликти талап кылган   кесиптердин  бири  экен. Бир  маалыматты  башка  адамга  берүү үчүн мен ойлогондой жѳн гана баяндап коюу менен чектелбейт экенсиң. Ал маалыматтын  канчалык  деңгээлде туура  экендигин далилдеш үчүн кѳп издениш  талап  кылынаарын  билдим

Албетте, мектеп окуучулары үчүн  гезит   чыга баштаганы   бир  гана  мага  эмес,   бардык мектеп  окуучуларына жакты.  анткени  гезиттин  курамы  жалаң  гана мектеп  окуучуларынан  куралып, жаңылыктар  жалаң  гана  мектептерден  алынып,  бир  мектепте  кандай жаңылык, ийгилик  же иш чара  болгонун  экинчи  мектеп гезит  аркылуу  билип  туруусу  бул  мектеп  окуучулары үчүн чоң  жетишкендик  болду. Кээ бирѳѳлѳргѳ  гезиттин  ачылышы чоң мектеп  болду.  «Журналисттер» коомдук бирикмесине биз окуучулар ыраазыбыз,   рахмат!! Ал  эми биз менен гезит чыгарууда бирге болгон окуучулар,  окурмандарга кийинки  окуу  жылында  жолукканга  чейин  кошкула демекчимин.!

                                                        Каныкей Бактыбекова

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>