Журналисттер аллеясында ишембилик

Басма сѳз эркиндигинин Эл аралык күнүнѳ карата  5-май күнү  Оштун журналисттери  Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын жанындагы  Журналисттер аллеясында  ишембилик ѳткѳрүштү.  Ишембиликте аллея шыпырылып, тазаланып, эки жаңы отургуч коюлуп, былтыркы отургучтар да  сырдалды. Белгилеп кетүүчү жагдай,  бул аллеяга ѳткѳн жылы  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин демилгеси,  Сѳз эркиндигин коргоо  боюнча Эл аралык ассоциациасынын (IFEX)  колдоосу менен 100гѳ жакын арча отургузулуп, эки отургуч коюлган. Бул күнү ѳткѳрүлгѳн ишембиликке  мектеп окуучуларынын «Данек» гезитинин журналисттери  да катышышты.

                                                                         Каныкей Бактыбекова

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>