Жаңы 7 кереметтин экинчиси- Улуу Кытай сепили.

 Уулу Кытай сепили биздин заманга чейин III кылымдын 1644-жылы азыркы  Пекинден  анча  алыс  эмес  Бадаоин  учуасткасында  курулган. Улуу  сепил архитектуралык  укмуш эстеликтердин  катарына  кирет. Курулуу  тарыхына  кайрыла  турган  болсок,  курулуш биздин заманга чейинки III кылымда Цинь  династиясынан Цинь Ши-хуанди императору тарабынан кѳчмѳн  калк  болуп  эсептелген  Хунндардын  басып  киришинен  коргонуу үчүн  Кытайдын батыш  жагында  курулган.

Сепилди куруу  үчүн  кытай мамлекетинин беш бѳлүгү катышкан деп айтылат тарых барактарында. Тактап  айтканда  миллиондон  ашык  жумушчулар   эмгектенишкен.. Сепилдин  башынан аягына чейинки узундугу  2500  километрге  жеткен. Сепилди куруудагы   негизги максат: бул  Кытай империясынын жашоочулары кѳчмѳн калк болуп  кетпеш үчүн жана Кытай  империясынын  цивилизасиясын  башкалардан чектеп  туруу үчүн курулган. Биздин заманга чейин 206-220-жылдары Кытай империясын башкарып турган Хан династиясы учурунда сепил батыш тарапка узартылып, Дуньхуанга чейин  жеткен. Бирок бизге чейин сакталып калган сепил Мин  династиясынын  тушунда  курулган.  Мин династиясы 13681644-жылдары башкарып турушкан. Бул учурда негизги курулуш  материалы  болуп кыш жана таш блоктору болгон, булар  сепилди  ишенимдүү кармап турган. Сепил чыгыштан батышка чейин  созулуп, Шаньхайгуандан Юймэньгуанга жеткен. Цинь династиясынын 1644-1911-жылкы башкаруусунда сепил чынында абдан катуу начарлаган. Анын кээ бир жерлери урап да калган. Натыйжада анын Пекин менен Бадалинге чейинки бѳлүгү гана сакталып, шаарга кирүүчү дарбазанын ролун гана аткарып калган. 1899-жылы америкалык газета Кытай сепилин толугу менен бузулуп,  анын  ордуна  шоссе  курулаарын  жазып, айың  кептерди  тараткан. 1984-жылы Ден  Сояпиндин  демилгеси  менен  сепилди оңдоо-түзѳѳ иштери башталды. Бардык  каражат Кытайдын ѳзүнѳн  жана чет жактагы фирмалардан келип түшкѳн. Бирок азыркы учурда 10 километрге жеткен сепил гана калган. Уильям Линдси аттуу окумуштуу сепилди изилдѳѳ иштерин 2007-жылдан тартып   баштап, сепилдин урап калган дубалдарын Монголиядан жана Кытай жергесинин аймагынан тапкан. Кытай сепили азыркы учурда  Кытайдын архитектурасынын илгертен эле ѳнүккѳндүгүн  тастыктап турат.

                                                                            Каныкей Бактыбекова

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>