* * *
Мекенден айрылганча өмүрдөн айрыл.
* * *
Туулган жердин кадыры алыс жерде билинет.
* * *
Туулган жердин топурагы алтын, суусу мүрөк
* * *
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат.
* * *
Абийирдүү болсо баласы, атасына бак конот.
* * *
Адеби жоктун уяты жок.
* * *
Баласы баатырдын атасы ардактуу.
* * *
Билбеген уят эмес, билгиси келбеген уят.
* * *
Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
* * *
Дүйнөгө түркүк болгон адам жок.
* * *
Жаман уул жакшы атанын наамын булгайт.
* * *
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
* * *
Жолдошу көптүн колдоосу көп.
* * *
Сураган уят эмес, уурдаган уят.
* * *
Себепсиз күлгөн –тарбиясыздыктын белгиси.
* * *
Адамдагы мыкты сапат-жөнөкөйлүк
Даярдаган Каныкей Бактыбекова,
Ош шаарындагы №38 Барпы атындагы орто мектебинин
10-классынын окуучусу
Комментарии