Мамлекеттик тилди өнүктүрө алабызбы?

Кыргыз тили… Орус тили… Бул эки тил биз пайдаланып келген мамлекетибиздеги  негизги тилдер. Бирок,  биз мамлекеттик тилибизди өнүктүрөбүз деген сөздөрдү  көп жылдардан бери чарчабай  айтып келебиз. Ошол эле учурда бул маселе ордунан козголбой тургандай сезилет. Туура, көчөлөрдүн, кеңселердин, мекемелердин аттары кыргызчаланды. Тил өнүксүн деген аракет менен   көптөгөн уюштуруу иштерин да жүргүзүп келебиз.  Кандай деген менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон биринчи кадам ар бирибизден болуш керек. Биз окуучулар да мамлекеттик тилибизге кам көрүшүбүз зарыл.. Бирок мамлекеттик тилге кам көрүү деген жалаң кыргызча гана сүйлөш керек, башка тилдин зарылчылыгы жок деген сөз эмес. Эгер мүмкүн болсо көп тил билсең эч убакта зыяны тийбейт.

Бирок биз  үйдө, көчөдө, дегеле бардык жерде  мамлекеттик  тилде таза  сүйлөсөк бул биздин мамлекеттик тилибизди өнүктүрүүгө болгон чоң салымыбыз  болуп эсептелет эле. Бирок турмушта мындай болбой келет. Көпчүлүк учурда жарым кыргызча, жарым орусча, жарым өзбекче сүйлөнгөн сөздөрдү угуп таң калбай кое албайсың.  Ошондой күнүмдүк турмуштагы сөздөрдү айтып  көрөйүн. «Кыскасы» деген оңой эле сөзүбүздүн  ордуна орусча «короче» дейбиз. Деги бул сөздөр мында эле тура турсун. «Апа, Ата»  дечу улуу сөзүбүз орусча «мама, папага» өтүп  калган.

Көрүшкөнүбүздө: – Салам, как ты?,-дейбиз.

-Нормально эле, өзүңчү?-дейт ал.

– Ну мен деле..

– Суббота вечеринка болуп атат, сөзсүз бар ээ..

– Мамаман сурап көрөм го.. Короче аракет  кылам.

Мына окурман, бул сөздөрдү  биз ар күнү эле угуп келебиз. Байкап көрсөк аптанын күндөрүнүн аталыштарын да так кыргызча билбейбиз. Понедельник, вторник, среда ж.б орусча  жакшы билебиз. Жок, бул сөздөрдү   кыргызча деле жакшы билебиз. Бирок же орусча  толук сүйлөбөй, же кыргызча толук сүйлөбөй көнүп калганбыз. Аралаштырып сүйлөгөнүбүздөн уялбайбыз, намыстанбайбыз. Себеби бизди тарбиялай турган, уяткара турган  улуу муун өздөрү ушинтип сүйлөшөт. Биз алардан үйрөнөбүз, аларды туурайбыз. Ушундай аралаштырып сүйлөп жатып өзүбүздү кыйын сезебиз.  Бирок бул кемчилигибизди оңдой турган мезгил келди деген  ойдомун. Сиздер кандай дейсиздер?

Улууну урматтоо ар бирибиздин милдетибиз, бирок…

«Улуу адамды урматта, ага ар дайым сый көрсөт». Бул сөздөрдү эс тартканыбыздан бери угуп эле келебиз. Бирок бардыгыбыз эле бул  сөздү  тутуна бербейбиз. Автобуста  бутуна зорго турган аксакал, байбичелерди көрүп туруп, тетири карап уктамыш болуп, терезеге башын жөлөп, көздү бекем жумуп, ыргалып кетип бараткан кыздар, балдарды көргөндө  жаның кашаят. Бул биздин карыларга кайдигер караганыбыздын  бир гана жагы.  Дүкөндөрдө, коомдук жайларда эч качан кезек бербейбиз.. Оор көтөргөн карыларыбызды   эч качан аяп жардамдашпайбыз. Бир гана бул эмес, улуулардын алдында жаман сөздөрдү сүйлөп,  түкүрүнүп,  орой мамиле жасаган учурларыбыз көп болот. Аксакалдар акыл-насаат айтса силкинип жактырбайбыз. .

Айтайын дегеним биз улууларга бүгүн урмат көрсөтсөк, өзүбүз да урматка  татыктуу болобуз.

Каныкей Бактыбекова,
Ош шаарындагы №38 Барпы атындагы орто мектебинин
10-классынын.классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>