Ош шаардык ички иштер башкармасы республикада биринчи

Кыргызстандын ички иштер министрлигинде «Кесибинин мыктысы», «Мыкты ички иштер   уюму», «Мыкты ардагерлер кеңеши» наамдары боюнча  республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

«Мыкты ички иштер уюму»  сынагынын жеңүүчүлѳрү 1-орун үчүн  кѳчмѳ Туу, атайын вымпел, Ардак Грамота жана 50000 сом акча менен, 2-орун үчүн атайын вымпел, Ардак Грамота жана 30 000 сом, ал эми 3-орун үчүн атайын вымпел, Ардак  Грамота жана 20000 сом акча каражаты менен сыйланышты.

  Сынактын жыйынтыгы менен «Мыкты  ички иштер уюму» Ош шаардык ички иштер башкармасы  аталып,   кѳчмѳ Туу  Ош шаардык ички иштер башкармасынын  начальниги Сүйүн Ѳмүрзаковго тапшырылды. 2-орунга  Талас облусунун ички иштер башкармалыгы, 3-орунга Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы татыктуу болду.

Жаңылыктарды даярдаган
Нурсейит Байыш уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>