Ѳспүрүм кыздарды эмне тынчсыздандырат?

 Кыз бала эч нерсеге тендешкис гүл дешет акындарыбыз.  Аларды айга, күнгѳ, гүлгѳ теңешет. Андыктан алардын мээримин, назиктигин, камкордугун, сулуулугун каалагандай мактасак да, ыр менен тѳгүп, укмуш кооз сѳздѳрдү арнасак да жарашат. Бирок болочоктогу эне, сүйүктүү жар боло турган айрым кыздарыбыздын кейиштүү кылык-жоруктарынан уялган учурларың да болот. Арийне беш кол тең эмес, арасында сѳз менен сүрѳттѳп айтып бералгыс сулуусу, акылдуусу, зиреги, сѳз жеткис жакшысы да бар, ошого улай эле ата-энесин укпай, улууларды сыйлабай, бешиктен бели чыга электе  арак ичип, ооздорунан жаман сѳз чыгып, жада калса баңги заттарды  колдонгондор  да жок эмес. Бүгүнкү күндѳгү жаш кыздардын кызыккан нерселери мода, жигиттер, достор, интернет, ар кандай вечеринкалар (отуруштар) болуп жатканы маалым.

Ал эми билимге умтулуу, улууларга урмат кылуу, ыйман, бизге билим берген мугалимдерди сыйлоо,  эненин сѳзүн урматтоо  негедир кийинки планга жылып жаткандай таасир калтырат…    Ата-энелерибиз, улуу муун айткандай жашынан баштап ата-энесинин мээримин, тарбиясын алган ар бир улан- кыз эч качан жаман жакка азгырылып кетпеши чындык. Биз бүгүн жаш кыздарга  тарбия бере алдыкпы деп ойлонууга мезгил келди.

Эң биринчи ар бир адамга  керектүү нерсе бул-ыйман. Ошондой эле ар бир кыздын ыйманы, намысы жана да аял затына  таандык  бардык мүнѳзү болушу абзел. Ар бир кыз ѳз келечегин ойлосо, ата-энеси кызына  кѳбүрѳѳк кѳңүл бѳлсѳ жана да кыз акылдуу болсо ал кыздын  келечеги жакшы болот деген ойдомун.

Урматуу окурман, кымбаттуу ата-эне кызыңыздын келечегин ойлоого убакыт келгенин унутпаңыз!!!

                                                                                                              Сайкал НУРБЕК кызы,
№ 42 Керме Тоо   мектебинин 8 –“б” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>