Мультфильмдердин пайдасы жана зыяны

Мультфильмдер-ѳсүп келе жаткан баланы тарбиялоочу эң жеткиликтүү курал. Андагы ар бир окуя баланын психологиясына ѳзгѳчѳ таасир берет жана коомду ошол кѳргѳн фильмдер аркылуу кабыл алышат. Мультфильмдеги каармандар жеткинчекке ѳзүн алып жүрүүнүн ар тараптуу багыттарын кѳрсѳтѳт. Ошолор аркылуу жаман менен жакшыны, боорукердик менен ташбоордукту айырмалай алышат.  Бѳбѳк ѳзүн сүйүктүү каарманына окшотот да анын кыймылын, кылган ишин, кылыктарын аткара баштайт. Ошондой эле мультфильм баланын аң сезимине, ой жүгүртүүсүнѳ, дүйнѳ таанымына түздѳн-түз таасирин тийгизет.

Тилекке каршы азыркы заманбап мульфильмдер тарбиялык, психологиялык жана педагогикалык жактан изилденбей, сабатсыз иштелип, балага терс таасирин тийгизип калууда. М: кээ бир мультфильмдердеги башкы каармандар айлана-чѳйрѳгѳ зыян келтирип, коомдук эрежелерди сактабай, уурулук кылып, адамдарды ѳлтүрүп, жаман жоруктарды кѳп жасашат. Ошол эле жасагандары үчүн бирѳѳ аны жазалабайт, же жаман иштерди жасап жатканын эч ким түшүндүрбѳйт. Ошентип балада  жаман иштер кадимки эле кѳрүнүш болуп сезилет. Аны жасаса да, эч ким тыюу салбайт экен деген түшүнүк пайда болот. Мындай мультфильмдерди такай кѳргѳн бала сѳзсүз түрдѳ ал жоруктарды кайталайт.

Урматтуу ата-энелер!  Жогорудагыларды эске алып, балдарыбыздын сапаты начар фильмдерди кѳрүүсүнѳ тыюу салып, аларды терс  жоруктардан сактап калалы.

                                                                                      Диана Бекибаева,

     №52 «Ак-Тилек» орто мектебинин 10 –«А» классынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>