Силер билесиңерби?

Coca-Cola

 Достор, биз баарыбыз  жакшы кѳрүп, ичип жүргѳн Coca-Cola дүйнѳдѳ эң белгилүү газдалган суусундук.  Кымбат жана алдыда болгон бренддердин бири болуп эсептелет, бирок ден соолукка эң зыяндуу ичимдик деп саналат. Эмне себептен? Ден соолукка кандай таасир этет? Эмнелерден жасалат? Эмне себептен кѳпчүлүк адамдар бул суусундукту ичишет?

Илгери Coca-Colaнын составына кокаин кирет эле. Бирок кокаиндин таасири ашыкча болгондуктан, анын ордун башка химикаттар ээлеген. Мындай  ден соолукка пайдасыз суюктукта 0,33 миллилитринде максималдуу күнүмдүк канттын дозалары бар.Башкача айтканда  1 литрине 30 кашык шекер кошулат. Кээ бир адамдар бул суусундукту ичкен соң дагы талап кылып калышат да, бир күндѳ бир канча литр ичишет, анан денелери ѳзгѳрѳ баштайт. Канттан башка Coca-Colaнын ичине боек колери (Е 150), кармазин (азорубин) (Е 122), ортофосфор кислотасы (Е 338), кофеин, жыт берүүчү заттар кошулат. Башка заттарды айтышпайт жана жазылбайт. Coca-Colaны ичкенден кийин кѳңүл айланыш керек эле, бирок фосфор кислотасы ага  жол бербейт. 20 минуттан кийин канча инсулин кѳп түшѳт. Кийин боор кантты майга айлантат. Бир саат ѳткѳндѳн соң фосфор кислотасы метаболизмди күчѳтѳт. Ажатканага киргенде Coca-Cola адамдын сѳѳктѳрүнѳн бүт кальцийди, магний, цинк, натрий менен сууну жууп, алып чыгат. Бул керектүү кальцийлер жок болгондон кийин адам чарчап, уйкусу келе баштайт. Мына ошентип организм Coca-Colaны дагы талап кылат. АКШда Coca-Colaны машиналардын трубаларын тазалаганы жана  унитаздарды жууганы колдонушат. Мындай болгон соң ден соолукка ашыкча зыян келтирбѳѳ үчүн Coca-Colaны ичпей эле койгонубуз оң го…

                                                     Диана Бекибаева,

       №52 «Ак-Тилек» орто мектебинин 10-«А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>