Жаныбарлар дүйнѳсү

Гепард

Эң шамдагай жаныбар –гепард. Ал ааламдагы бардык жаныбарларды кубалап жете алат. Саатына жүз чакырымдан ашык чуркай алат. Африканын токойлорунда, Каспий жана Арал деңизинин жээктериде жашашат. Чындыгында алар кѳп санда эмес. Мамлекеттик корукка алынган.

 

Эң терең кайсы жаныбар сүзѳ алат?

Арктиканы мекендеген тюлендер деңизде 600 метр тереңдикке кетип, ал жерде 45 мүнѳт чыдап тура алышат. Бирок кашалот деңиздин эң терең деген жерине жетип, жер кыртышына 1 метрден ашык тумшугу менен сүңгүп  кирип, мындай тереңдикте бир саат жүрѳт да, кайрадан сууга чыгып дем алып, кирип кетет.

Пилдер

Биз адамдар айбанаттардан акыл-эсибиздин  жогорулугунан жана бир гана адамзатына таандык болгон ѳзгѳчѳ сапаттарыбыздын бар экендиги менен айырмаланып турабыз. Бирок адамдардан кийинки акылдуу айрым айбанаттардын бар экендигин унутпашыбыз керек. Мисалы пилдер. Пилдер да дельфиндер сыяктуу акылдуу, мээримдүү, адамдарга тез кѳнгѳн, бир нерсени тез үйрѳнгѳнгѳ жѳндѳмдүү  келишет.

                                                  Таап, даярдаган Диана Бекибаева,

     №52 «Ак-Тилек» орто мектебинин 10 –«А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>