Daily Archives Понедельник апреля 22nd, 2013

Жалпы республикалык тестирлѳѳ

Маектешим Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкери  Дилбара Самудинова жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ каттоонун жүрүшү боюнча тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:

-Бул жылы жалпы республикалык тестирлѳѳнүн ѳтѳ баштаганына  быйыл 11 жыл толот.  Башкача  айтканда жалпы республикалык тестирлѳѳ  2002-жылдан  бери ѳткѳзүлүп келе жатат. Бишкекте «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» деген атайын борбор бар.

Далее

«Шамдагай жигит, шайыр кыз»

12 –апрель күнү  П.Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын 9-класстарынын арасында «Шамдагай жигит, шайыр кыз» деген аталышта  сынак болуп ѳттү. Бул сынакта 6 команда ат салышып, биринен –бири калбай ырдап, күлүп суроолорго жооп берип жатышты. Жыйынтыкка келгенде эң алдыга озуп чыккан 9-α  классы биринчиликти алды.

                                                                             Каныкей Жеңишбек

 Нышанов атындагы № 50 мектеп-гимназ...

Далее

Ош шаарында 2 күн суу ѳчүрүлѳт

“Ош шаардык суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Дѳѳлѳтбек Кокочоровдун билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарында суу  түтүктѳрүн тазалоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу  23-апрелдин  түнүнѳн 25-апрелге чейин ичүүчү таза суу ѳчүрүлмѳкчү.

                                                                 Нурсейит  Мамасыдыков

Далее

«Мектеп периси-2013»

Ош шаарында  «Мектеп периси -2013» сынагы  май айынын башында ѳткѳрүлмѳкчү.  Сынак Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети  тарабынан  даярдалууда.  Аталган комитеттин кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  азыркы мезгилде бул сынакка  Ош шаарындагы 10 мектептин  чүрѳктѳй сулуу, таланттуу, акылдуу жана билимдүү  кыздары ат салышууга даярданышууда. Сынактын катышуучулары   4 шарт  менен мелдешишет.  Калыстар тобу  кыздардын саламдашуусуна, кечки стилине, акыл карачач –бѳлүмүндѳ суроолорго тапкычтык менен жооп берүүсүнѳ, талантына жана  ашканадагы чеберчилигине кѳңүл бурушмакчы. (Бул жерде кыздардын 1 минута ичинде  картошка аарчышына  кѳңүл бурулат)...

Далее

Мектеп окуучуларынын камкордугу

  Улуу Ата Мекендик согуштун  68 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам кѳрсѳтүү  боюнча мектептерде агитбригадалар түзүлүүдѳ. Мектеп окуучулары 20-апрелден баштап  ардагерлердин үйүнѳ барышып, аларга кандай жардам керек экендигин сурашып, үйлѳрүн, үйлѳрүнүн тегерегин жыйноого жардамдашышмакчы. Андан сырткары  мектеп жамааттары  ардагерлер үчүн  тамак-аш  топтошуп, жеткирип беришмекчи. Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  50  ардагер  камкордукка алынмакчы...

Далее

Компьютердик оюндарга азгырылгандар сабактан начарлоодо

Азыркы убакта түрдүү компьютердик оюндар чыккан. Жашы жете элек окуучулар да түрдүү, биз укпаган кайдагы каармандардын атын угуп, айтып, кайдадыр шашып баратканын кѳрѳсүң, баамдап, кѳңүл буруп кѳрсѳң алардын дээрлик кѳбү  компютердик оюндарды ойноого шашышат. Чет мамлекеттерден келген оюндар, программалардын кѳбүн  алар ѳздѳрү кѳрүшпѳгѳндүгү такталган. Жада калса коңшу ѳлкѳлѳрдѳ балдарга жана окуучуларга терс таасирин  тийгизген пограмма, кинолорду, мамлекеттик каналдардан берүүгѳ тыюу салган.

Далее

Алтын куш (жомок)

Илгери  бир кедей абышка болуп, анын жалгыз уулу жана жалгыз түп алмасы бар экен. Ал алманын эн, башына жалгыз кызыл алма мөмөлөп, ар жылы бышкан сайын абышка ошону жеп, жашарып турчу. Кийин эрте күздө жакшы быша элек алмасын белгисиз бөлөк бир нерсе жеп кетет. Андан кийинки жылы чалдын өзү кайтарып жүрүп, бир күнү уктап калып, дагы жедирип жиберет: үчүнчү жылы кемпирине кайтартат. Кемпири түн ортосуна чейин карап жатып, таңга маал уктап калып, алманы дагы жедирди. Төртүнчү жылы баласына кайтартты. Баласы уктабай карап жатса, кандайдыр алтын куш учуп келип, алмага конуп жей баштады. Бала жаа менен атып, бир тал канатын түшүрүп калды.

Далее

Космонавттар күнү белгиленди

№11 Валентина Терешкова атындагы жатак мектебинде  12-апрель Космонавттар күнү салтанаттуу түрдѳ белгиленди. Кыдырата тизилген мектеп окуучуларын  мектептин директору Гүлсүн Матиева куттуктап, Терешковадай  учкучтун наамын алып жүргѳн мектептин окуучулары мыкты окуулары керек экендигин белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Далее

Олимпиадада жеңишке жетээриме ишенген эмесмин

Бүгүнкү мейманыбыз Ош шаарындагы  Ю.Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу  Даткайым  Ибраева  жакында республикалык олимпиадага катышып, биринчи  орунду жеңип кайтты.

-Даткайым, жеңишиң кут болсун! Олимпиадага каалагандын бардыгы эле катыша албайт эмеспи. Сен кантип катышып калдың, абдан тырышып  окуп жүрѳсүңбү, же кокустукпу?

Далее

«Биз таза шаар үчүн» акциясы

Ош шаарында  жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен комитеттин окуу долбоорунун мүчѳлѳрү,  мектеп окуучулары  катышкан «Биз таза шаар үчүн»  акциясы ѳткѳрүлдү.  Аталган комитеттин жооптуу кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  акциянын  катышуучулары ак кепкаларды кийип, шаарды таза сактоо боюнча жарнамаларды кѳтѳрүп бир катар кѳчѳлѳрдү кыдырып жүрүш жасашты.   Андан соң шаардын борбордук  кѳчѳлѳрүнүн биринде таштандыны ыргытып   коюп, чекерээкте карап турушту. Таштандыны карап коюп ѳтүп кеткендер, таштандыга кѳңүл бурбагандар кѳп  болду.  Айрымдары кайрылып, таштанды таштоочу жерге таштандыны  алып барып ыргытышты...

Далее