Daily Archives Воскресенье апреля 28th, 2013

Кыялкеч кыл калемдер

Байыш Жалалов

Н.Тыныбеков, №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп

Далее

Кыялкеч кыл калемдер

Айдай Шеркул кызы,П.Ж.Нышанов атындагы мектеп

Далее

Үч кыз жана үч ханзада

(жомок)

Илгери, илгери бир кемпир-чал болуптур. Алардын үч кызы болгон. Ал үч кыз бири- биринен ѳткѳн сулуу болушкан экен.  Бул үй бүлѳ кайгы- капасы жок, бактылуу жашашыптыр. Бир күнү күтүүсүз окуя болду. Ал окуя мындайча болгон экен. Жаз айлары болчу. Үч кыз токойго козу карын тергени кетишиптир. Бирок кечинде үйлѳрүнѳ кайтып келишпептир. Ата-энесинин тынчы кетип, бардык жактан издеп, бирок таба алышпайт. Ошентип айлар, жылдар ѳтѳт. Кыздардан болсо дайын жок. Ата-энеси  үмүттѳрүн үзүшѳт.

Далее

Топ жарылбаш үчүн эмне кылыш керек?

Топ-бул эң тараган оюндагы буюм. Эң белгилүү бул балдардын сүйүктүү оюнундагы футбол тобу. Ал топ менен балдар ойноп, ары-бери тээп жарышат. Топтун кѳп убакытка сапаты жоголбош үчүн, аны тураа тандаш керек. Спортзалда же чѳптѳ ойной турган болсо, чын териден тигилген топту ойнош керек. Асфальтта болсо, резинадан жасалган топ тураа келет. А топ жарылып калса эмне кылыш керек болсочу? Ѳзү топту этияттап ойнош керек. Эгерде топ жарылса, жарылган жерди кирин  сүргүч (наждачка) менен тазалап жана ошол жерге клейди үстүнѳ тегиз куюп, жарылган жердин кѳлѳмүнѳн чоңуурак резинаны жабыштырыш керек. Жарым саат жабышкан жерди кармап туруп, топту ойной берсе болот...

Далее

Апендинин жоруктарынан

Түн ичи кызыктай түш кѳргѳн апенди таң атаар замат байдын үйүнѳ келет .Таң калган бай:  Сага эмне болду апенди.-десе, .Апенди минтип сѳзүн баштаптыр:-ээх байым, карызга акча берип, кайра кайтарып ала албай жатам. -Кимге бердин эле? -Сизге да байым,-дейт Апенди. –Кандайча? деп  бай чочуп кетет. –Түнү түшүмдѳ экѳѳбүз үйлѳрүбүздү алмаштырып, мен үстүнѳ 100 алтын дилде кошуп берипмин.Чочуп ойгонсом үйүмдѳ эле жатыптырмын, бирок сизге берген 100 дилдемден дайын жок .Ошолорду кайтарып берүүңүздү ѳтүнѳм,-дептир,-Апенди...

Далее

Биз билебизби?

Кирпи

Билесиңерби достор,   кирпинин салмагы 800 грамм гана чыгып. куйругунун узундугу 3 сантиметрге гана жетет . Ал эми анын тиштеринин саны 36 болот экен. Түстѳрдү адам сыяктуу ажырата алганга жѳндѳмдүү келишип,  туулгандан бир нече саат ѳткѳн соң ийнелери чыга баштайт .Ийнесинин узундугу 3 сантиметрге жетет .Бир эле кирпинин 3 миңден 6 миңге  чейин ийнеси болот.

                                                                                                                                       ...

Далее

«География аянтчасы»

(долбоор)

П.Ж.Нышанов атындагы мектеп гимназиясынын 11-классынын окуучусу Каныкей Жеңишбек кызы, география мугалими Орозоева Айжан эжеке, ОшМУдан география илимдеринин доктору, кафедра башчысы Алайчиев Эрнис агай менен биргеликте долбоор жазганбыз. Ал долбоордун темасы «Географиялык аянтча»,-деп аталат. Ош шаарында  канчалаган мектептер, университеттер бар, бирок алардын эч биринде да «географиялык  аянтча» жок. Ѳзүбүз  билгенден Ак Тилек шаарчасында жаңыдан №52 мектеби ачылды. Ал жерде бардык  шарты бар, бирок географиялык аянтча жок.

Далее

“Талыкпай эмгектенсең гана ийгиликке жетишесиң”…

Айшоола Султанова – Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясынын 10-“А” классынын окуучусу,  республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү

– Айшоола,  республикалык олимпиадада кыргыз тили сабагынан 1-орунду кантип жеңип  алдын?  -Кандай ийгиликке болбосун  талыкпаган эмгек менен гана жетүүгө болот. Мен  олимпиадага катышуу үчүн жакшы даярдык көрдүм.  Кыргыз тили сабагынан 1-орунду ээлешиме ушул сабактан окутуучу эжекем Тойчуева Айша Ноомановна менен ОшМУнун мугалими Бүсадат Сабыровнанын салымы чоң. Аларга чоң рахмат айтамын.

Далее