Daily Archives Среда апреля 17th, 2013

Атактуу хирург Иса Ахунбаевдин балалыгы

Кѳрүнгѳн  байдын малын багып, эртели кеч кѳл жээгинде балалыгын ѳткѳргѳн   Исанын наристе дүйнѳсүнѳ чагылгандын отундай жарк эткен бир окуя катуу таасир этет. Оо дүйнѳгѳ узаган ооруулу аялдын аянычтуу жүзү, жан чыдатпаган ыйы кѳкүрѳгүндѳ калат. Эмне үчүн адам ооруйт? Эмне үчүн ооруган адам азап тартат,- деп апасын жоктогон балдардын ыйына, чоңдордун кошогуна кѳчѳт сезими эбегейсиз сыздайт. Ошондо жан дүйнѳсүнѳ тилек бүчүр жарат. Балким ошол ууз кыял,  кѳксѳгѳн арман-тилек  кыргыз медицинасынын жылдызы, санжыралуу хирургдун жаралышына     түрткү  берсе керек. Үркүндѳгү кан  жыттанган кыйын күндѳр баланы андан бетер чыйралтып,  максатына   умтулуусуна түрткү берет...

Далее

ырлар

Мен кызганам

Ачыласың эрте жазда, Ноорузда,

Чачыласың ѳрүк гүлү жазында.

Кыздар ойноп гүлүң терип алганда,

Мен кызганам ѳрүк гүлү ачканда.

Далее

Кичүүлөргө өрнөк кыз

Сүрѳттѳ Ош шаарындагы  Ага Хан мектебинин 11-«С» классынын  мыкты окуучусу Нуржан  Адиева кенже класстын окуучуларына эмгек сабагынан кѳмѳк кѳрсѳтүү учурунда

Далее

Колизей, же болбосо Флавиевдердин амфитеатры

Колизей, же болбосо Флавиевдердин  амфитеатры байыркы Римдин  архитектуралык эстелиги, укмуштуудай чоң, байыркы дүйнѳлүк  курулуштардын бири болгон. Римдеги бул эн чоң имаратты куруу 8 жыл убакытка  созулган жана ал император Флавиевдердин династиясына тиешелүү болгон. Ал  биздин замандагы император Веспасиан убагында 72-жылы башталып, 80-жылы анын уулу император Тит тарабынан ишке киргизилген.

Далее

Боорсок

Боорсок – кыргыздын улуттук даамдарынын бири. Боорсок көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда бышырылат. Боорсоктун кеңири тараган түрү – чарчы боорсок. Каймак же майонез, кумшекер, сүт, ачыткы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруп, жылуу ороп 1-2 саатка тыныктырабыз. Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.

Далее

Кѳчѳ балдары да мээримге муктаж

Кийимдери тургай беттери жуулбай, чачтары үрпѳйүп, кийимдери жыртылып, жүдѳгѳн балдарды кѳчѳдѳн кѳп кѳрѳбүз. Алардын дээрлик бардыгы тилемчилик кылып, жертѳлѳлѳрдѳ, жылытуу түтүкчѳлѳрү ѳткѳн жерлерде жашашат. Кѳпчүлүгү үйлѳрүнѳн качып, кѳрүнгѳн жерде жашап кѳнүп  калган балдар. Алардын качып кеткенине жакындары кѳнүп калгандыктанбы, эч ким деле издебейт. Үйдөн качкан балдардын бардыгы тилемчилик жасашат, кѳпчүлүгү тапкан акчаларын компьютердик оюндарга коротушат  «Көчө балдарынын» саны жылдан жылга көбөйүп баратканын милиция кызматкерлери билдиришти. Өзүбүз деле көчөдөн тилемчилик кылышып, же жаш экендиктерине карабастан акча таап, жан багыш үчүн иштеп жүрүшкөн балдарды көп кезиктиребиз. Ѳзгѳчѳ ѳзү кичинекей туруп, кыйраңдап чоң арабадагы жүктү эптеп сүйрѳп бара жаткан киичинекей баланы кѳргѳндѳ ичим ачышат.

Далее

Балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу зарыл

Жашы жете элек балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны ботурбоо, ага каршы күрѳшүү бул бир гана мектеп, билим берүү бѳлүмүнүн, же укук коргоо органдарынын гана милдети эмес. Бул баарыбыздын милдетибиз. Жаш ѳспүрүмдѳрдүн тарбиясына ѳзгѳчѳ маани берип, анын келечекте кылмыш жолуна түшпѳй, бекем ден соолукта ѳсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүүбүз зарыл. Балдар биздин келечегибиз, алардын тарбиясына, келечегине баарыбыз жоопкербиз,-дейт Алай районунун прокурору  Сүйүн Сатыбалдиев.

Далее

Конкурс Нацбанка КР на лучшие работы детского творчества

Национальный банк Кыргызской Республики в честь празднования 20-летия введения национальной валюты Кыргызской Республики

проводит конкурс на лучшие работы детского творчества – изготовление поделки в виде монеты из подручных материалов.

Далее

Конкурса детских рисунков на тему: «ЖИВЫЕ СУЩЕСТВА НА ЗЕМЛЕ»

Министерство иностранных дел Кыргызской Республики при поддержке Токийского офиса ЮНИСЕФ

объявляет о проведении 14 международного экологического конкурса детских рисунков на тему:

«Живые существа на земле»

(International Environmental Children’s Drawing Contest Office POB 264, Kyobashi Yubinkyoku, Tokyo, 104-8691, Japan, веб-сайт http://www.childrens-drawing.com/eng/top.htm).

В конкурсе могут принять участие дети в возрасте от 7 до 15 лет, которым необходимо предоставить организаторам свои работы до 31 мая 2013 года.

Далее