Онлайн-журналистика мектеби жаштарды кабыл алат!

Журналист болууну самайсыңбы?

Интернет–журналистика мектебине жазыл!

«Youth of Osh» коомдук бирикмеси журналистика мектебине чакырат.

Окуу жүргүзүлүп жаткан мезгилден баштап жазган макалаң www.kloop.kg сайтына жайгаштырылат. Окутуу практика менен айкалыштырылат.

Үч ай ичинде:

макала (жаңылык) жазуу ыкмалары;

журналистикада Интернет–куралдарын колдонуу;

этика жана медиа мыйзамдары;

макала үчүн фотосүрөт;

аудио жана видео файлдар менен иштөө үйрөтүлөт.

Сен макалаңды каалаган тилде: кыргыз, орус же өзбек тилинде жаза аласың. Макала үчүн калем акы төлөнөт. Курсту бүткөндө сертификат берилет. Окутуу акысы айына – 500 сом.

Каттоодон өтүүгө шашыл, кабыл алынуучулардын саны чектелүү.

Катышуу үчүн резюмени 20-апрель саат 17:00гө чейин төмөнкү дарекке жөнөт: Ош шаары, Кара-Суу көчөсү, 8/А (болжол: Ош району, “Мээрим” рестораны) же электрондук дарек: mediaschoolyoo@gmail.com

Тел: (03222) 30835, 0550 531555, 0778 902423, 0771 266644, 0555 885999

Tags:  

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>