Компьютердик оюндарга азгырылгандар сабактан начарлоодо

Азыркы убакта түрдүү компьютердик оюндар чыккан. Жашы жете элек окуучулар да түрдүү, биз укпаган кайдагы каармандардын атын угуп, айтып, кайдадыр шашып баратканын кѳрѳсүң, баамдап, кѳңүл буруп кѳрсѳң алардын дээрлик кѳбү  компютердик оюндарды ойноого шашышат. Чет мамлекеттерден келген оюндар, программалардын кѳбүн  алар ѳздѳрү кѳрүшпѳгѳндүгү такталган. Жада калса коңшу ѳлкѳлѳрдѳ балдарга жана окуучуларга терс таасирин  тийгизген пограмма, кинолорду, мамлекеттик каналдардан берүүгѳ тыюу салган. А биздин ѳлкѳдѳ биздин жаштарыбыз жабык бѳлмѳнүн ичинде эмнени кѳрүп, эмнени ойноп жаткандыгын биз эч  качан кѳрбѳгѳнбүз. Ушул ой менен  ѳзүбүздүн мектептеги эжекелерге, окуучуларга суроо узаттым. Эжекебиз Таннур  буларга токтолду: -«Азыркы учурда жаштар ар түркүн оюндарга барышат, бирок алардын арасында туура жүргѳнү, окууга ѳзгѳчѳ маани бергендери  да бар. Себеби ар ким ар түрдүү нерселерге кызыгат,жѳндѳмдѳрү да  ар башка болот. Бирок ар бир ата-эне балдарынын эмне кылып жүргѳнүн текшерип турбаса болбойт»,-деди. Ал эми биздин мектептин окуучус  Асамидин -«Туура андай окуучулар бар, бирок бардыгы деп айта албайм. Бирок  ата-энесине кѳрүнбѳй, кээ бирлери мектептен да качып, окууга даярданбай, компьютердик оюндардан :башы   чыкпай, азгырылып кеткендерин да байкап жүрѳм,-дейт.

                                                                                     Бекназар Ысабек уулу,

                                          Ю.Гагарин атындагы №17 гимназия –мектебинин

                                          10-«А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>