Улуу Ата Мекендик согуштун 68 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам кѳрсѳтүү боюнча мектептерде агитбригадалар түзүлүүдѳ. Мектеп окуучулары 20-апрелден баштап ардагерлердин үйүнѳ барышып, аларга кандай жардам керек экендигин сурашып, үйлѳрүн, үйлѳрүнүн тегерегин жыйноого жардамдашышмакчы. Андан сырткары мектеп жамааттары ардагерлер үчүн тамак-аш топтошуп, жеткирип беришмекчи. Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 50 ардагер камкордукка алынмакчы.
Диана Бекибаева
Комментарии