Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнү

23-апрелде Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы ѳспүрүм балдар китепканасында бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ карата концерттик атайын даярдалган программа болуп ѳттү. Концертке жаш акындардан ОГПИнин студенти Медер катышып, лирикалык  ѳз ырларын окуп берди. Кечеде ал ѳз жолдошу менен келип, жаңы чыккан китептери менен тааныштырып, мектепте окуган жаш акындарга ѳз ойлорун жана тажрыйбаларын бѳлүшүп, дил маек курду. ОГПИнин «Шайыр кыздар» бийчилер тобу келип бийлешти.

Алар ѳзгѳчѳлѳнгѳн улуттук бийлерди аткарышып, кеченин акырында китеп жѳнүндѳ ойлорун айтышты. Мектеп окуучулары ѳздѳрүнүн жазган ырларын окуп, Медер агайдан алардын  каталарын оңдоп берүүсүн суранышты. Аккардеондун коштоосунда ырлар аткарылды. Кеченин аяктоочу бѳлүмүндѳ Таш Мияшев атындагы балдар китепканасынын мүдүрү  ѳз ыраазычылыгын билдирип, №52 Ак Тилек мектебинин, № 17 Ю.Гагарин гимназия мектептерини окуучуларына атайын убактысын бѳлүп келишкендиги үчүн ыраазычылык билдирип,   катышуучуларга белектерди тапшырды. Студенттер да унутта калган жок.

                                                        Бекназар  Ысабек уулу,

                             №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын 10-«А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>