Аргинанын ырлары

«Жаратылыш кандай кооз»

Кучагын жайган бизге жаратылыш,

Кандай кооз, кубанычтуу айланабыз.

Кубанып, кѳргѳн сайын айлананы,

Талыкпай мээнет кылып, биз жашайбыз.

 

Суу ичип, тамактанып жашайбыз биз,

Ырахат алып ушул жашообузга.

Кубанып, бѳлѳп турган кези экен,

Анткени биз, жаратылыш кучагында.

 

Жазгым келет дагы,дагы далай ырды,

Арнап мен жомогумду, ырларымды.

Себеби жаратылыш кандай бир кооз,

Турасың кантип анан жазбай аны.

 

Мектебим

Ош шаарында жайгашкан,

Сүйүктүү менин мектебим.

Ардактап сени ар дайым

Унутпай күндѳ эстеймин.

 

Гагарин менин мектебим,

Эстеймин сени, эстеймин.

Талыкпай билим беришкен,

Мугалимдерди эстеймин

 

Аргина Аскаралы кызы,

Ю.Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын 8-«Б» классынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>