Үч кыз жана үч ханзада

(жомок)

Илгери, илгери бир кемпир-чал болуптур. Алардын үч кызы болгон. Ал үч кыз бири- биринен ѳткѳн сулуу болушкан экен.  Бул үй бүлѳ кайгы- капасы жок, бактылуу жашашыптыр. Бир күнү күтүүсүз окуя болду. Ал окуя мындайча болгон экен. Жаз айлары болчу. Үч кыз токойго козу карын тергени кетишиптир. Бирок кечинде үйлѳрүнѳ кайтып келишпептир. Ата-энесинин тынчы кетип, бардык жактан издеп, бирок таба алышпайт. Ошентип айлар, жылдар ѳтѳт. Кыздардан болсо дайын жок. Ата-энеси  үмүттѳрүн үзүшѳт.

Бирок ал үч кызды  каардуу сыйкырчы чал сыйкырлап алат. Себеби алар сулуу гана эмес, акылдуу жана таланттуу эле. Эң улуусу 18 жашта, ал токууну жакшы билчү экен. Ал эми экинчиси 16 жашта, ал булбулдай болуп кооз ырдачу. Эң кенжеси абдан акылдуу болгон экен. Ошентип алар сыйкырчынын үйүндѳ жашап калышат. Сыйкырчы ал үч кызды үй кызматкери кылып алат. Үч кыз үйүн сагына башташат. Куса болушат. Ошол эле кыздар турган коңшу айылда бир хан жашаптыр. Анын да үч баласы болуптур. Бир күнү алар токойго сейилдѳѳгѳ чыгышат. Кѳпкѳ чейин, узак жол жүрүшѳт. Айылдан кыйла алыстап калышат. Үч кыз үй иштери менен алек болуп жүрүшкѳн. Сыйкырчы сейилдеп кеткен. Үч кыз созолонтуп кусалык ырын ырдап киришет. Үч ханзада аларды угуп калып, бул жакта да адам жашайбы деп таң калышат. Анан үн чыккан жакка барышат. Үч кызды үч ханзада кѳрѳѳр замат эле жактырып калышат. Алар кыздар менен саламдашып, алардын бул жерге кандайча келип калышканын сурашат. Сүйлѳшүп отуруп кыздар кѳп жолу качууга аракет кылышканын, бирок сыйкырчы качууга жол бербегенин айтышат. Ошентип, сыйкырчынын да келээр убактысы болуп калат. Кыздар коштошуп үйүн кѳздѳй басып кетишет. Үч ханзада жакыныраак жерге жайгашып, сыйкырчыны кантип жеңүүнүн жолун ойлонушат. Ангыча алардын жанына бир чабалекей келип конот. Ал кѳптѳн бери ушул токойдо жашап, сыйкырчынын бардык сырын билет экен. Ал ѳз тилинде сайрап сыйкырчыны кантип жеңүүнүн жолун айтып берет. Эң кичине ханзада жан-жаныбарлардын тилин билчү экен. Ханзада агаларына айта баштайт.  Эгерде биз үч кыздын колун сыйкырчыдан сурасак ал күлгѳ айланып жок болот. Себеби сыйкырчы бул кыздарды ким таап, ким жактырмак эле деп ойлогон. Эртеси күнү үч  ханзада ойлогон иштерин ишке ашырышат. Ойлогондой сыйкырчы күлгѳ айланат. Ошентип алар сыйкырчыны жеңишип, кыздарды ата-энесине алып барышат. Ата-энеси кѳргѳн кѳздѳрүнѳ ишенбей, кубанычтан ыйлап жиберишет. Алтоо баш кошуп, абдан чоң той берип, хан сарайда бактылуу жашап калышат.

                                                                      Аргина Аскаралы кызы,

                         Ю.А. Гагарин атындагы гимназия мектебинин 8-б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>