«Ачык эшиктер» күнү

Ж-А ОИИБ-1Жалал-А ОИИБЖ-А-ОИИБ-2

2014-жылдын  24-январында  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын жаш  өспүрүмдөр  менен  иштөө   инспекциясынын  кызматкерлеринин  демилгеси   менен   уюштурулуп,  «Мекеним  менин-Кыргызстан!»  аттуу  чоң  профилактикалык  иш-чаранын  алкагында  «Биз  биргебиз!»  деген  ураандын  алдында  Жалал-Абад  облусунун  Сузак  районунун  Сафаровка  айылындагы  Жоомарт  Бөкөнбаев  атындагы  жатак  балдар  үйүндө  «Ачык  эшиктер  күнү»  болуп,  тегерек  столу   өткөрүлдү.

Бул  өткөрүлгөн  иш-чарага  мектептин  окуучулары,  мугалимдери,  Айыл  аймак  башчылары,  жергиликтүү  депутаттар,  ата-энелер, Кыргыз  Республикасын  дүйнөгө  тааныткан  дүйнөнүн жана  өлкөнүн  чемпиону  болушкан  спортчулар, массалык-маалымат  каражаттарынын  өкүлдөрү  жана  Жалал-Абад  ОИИБнын,  Сузак  РИИБнүн  жетекчилери  менен  милиция  кызматкерлери  катышышты.

Алгач  балдар  үйүнүн  директору  Маматова  Бегайым  эже  балдар  үйүнүн  абалы,  окуучулардын  жатак  бөлмөлөрү,  колдорунан  жасалган  буюмдары,  ар  кандай  кесиптерге  үйрөткөн ийримдери  жана  жашоо-шарттары  менен  тааныштырды.

Андан  кийин  Жалал-Абад  ОИИБнын  башчысы  милициянын  полковниги  Ж.М.Жоробеков  балдар  менен  таанышып,  негизги  максат  балдарга  жылуу  мамиле  менен  көнүл  буруу,  жакын  мамиледе  болуп,  ар  бирин  спортко,  билимге  жана  жакшы  тарбияга, мекенди  сүйүүгө  үндөп,  коомчулук  менен  жалпы  баарыбыз  колубуздан  келишинче  жардамыбызды  беришибиз  зарыл – деп,  белгилеп  кетти.

Ар  кандай  спорттун  түрүнөн  дүйнөнүн  чемпиондорун  балдарга  тааныштырып,  алардын  жетишкендиктерин  айтып,  жаш  өспүрүмдөр  үчүн    биздин  өлкөбүздүн  атактуу    спортчулары   дайыма  жаш  өспүрүмдөргө  үлгү   жана  аларга  кумир  болору  баарыбызга  сезилип  турду.

Иш-чаранын  жүрүшүндө  атайын  ток-шоу   суроо-жооп  иретинде  уюштурулуп,  окуучулар  тарабынан  тартууланган  ыр-бийлердин  коштоосунда  жетекчи   Ж.Жоробеков  окуучулардын  ар  кандай  суроолоруна  жооп  берип,  кол  чабуулар  менен  кызыктуу  өтүп,  жетекчи  окуучуларга  кыргыз  тарыхына  байланыштуу  суроолорду  берип,  жакшы  жооп  берген  окуучуларга  белектерди  тапшырып, ошону  менен  бирге  жатак  балдар  үйүндө  тарбияланып  жаткан  өспүрүмдөргө  окуу  куралдарын,  дептерлерди,  спорттук  формаларды  жана  спорттук  эмеректерди  жана  мектептин  китепканасына  «Кыргыздар»  тарыхый  14  томдук  жыйнагын   белекке  ыйгарды.

Иш-чаранын  экинчи  бөлүгүндө  спорттук  оюндар  улантылып, Жалал-Абад  ОИИБнын  ыкчам  «СОБР»  отряды  күжүрмөн  даярдык  боюнча  ыкмаларды  көргөзүп,   Жалал-Абад  шаарынын  № 9-гимназия  мектебинин  окуучуларынан  түзүлгөн милициянын  жол   кайгуул-күзөт  кызматынын  жаш  жардамчылары  жол  эрежелерин  сактоо  боюнча  ыкмаларын    көргөзүшүп   окуучуларга  тааныштырып  кетишти.

Андан  соң  аталган  балдар  мектебинин  окуучуларынан  түзүлгөн  «Ынтымак»  жана  «Достук»  тайпаларынын  ортосунда  «Топ  менен  чуркоо», «Кап  менен  секирүү», «Аркан  тартыш» жана  башка  сыяктуу   кызыктуу   спорттук  эстафеталардын  түрлөрүнөн  мелдештер  болуп  өттү.  Жеңген  командаларга  жана  жалпы   эле  оюнга  катышкан  окуучуларга  Жалал-Абад  ОИИБнын  жетекчилиги  дипломдор  жана  баалуу  белектер  менен  сыйлады.

Айта  кетчүү  нерсе,  аталган  балдар  үйүндө  атактуу  акын,  драматург  жана  котормочу  Жоомарт  Бөкөнбаев,  көп  деген  атактуу  инсандар   билим  алганы,  1933-жылы  уюштурулганы  жана  азыркы  күндө  63  жетим, жарым  жетим  жана  ата-энесинен  кароосуз  калган  балдар  жана  78  айылдан  келген   өспүрүмдөр  тарбияланып,  алардын  тартиптүүлүгү,  тарбиялуулугу  жана  билимге,  спортко  умтулгандары  баарыбызды  сүйүндүрдү.

Бул  өткөрүлгөн  иш-чара  өз  максатына  жетип,  Жалал-Абад  облустук ички иштер башкармалыгы   тарабынан  «Мекеним  менин-Кыргызстан!»   аталыштагы  чоң  профилактикалык  иш-чаралар    дагы  улантылмакчы.

                                                   Сайкал Нурбек кызы

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>