2014 – Жылкы жылын кантип тосуу керек?

Жылкы жылы келатат

Жылкы жылы келатат

Ар бир адам үчүн Жаңы жыл жылда бир ирээт келүүчү, биз көп убакыт  күткөн кубанычтуу, кооз майрам.   Баарыбыз эле айтпаганыбыз менен ичибизде купуя  андан  сыйкырдуу, кубанычтуу, жарык ирмемдерди күтөбүз. Жаңы жылды кандай тоссоң жыл бою жашооң ошондой өтөт деген сөз баарыбыздын жүрөгүбүздө турат.   Анда биз төмөндө   үйүбүзгө  ийгилик, кут, береке чакыруу  үчүн  2014 –жаңы, жылкы жылын  кантип тосуу керек, жылкы жылында  дасторконго кандай тамак коюлат, кандай кийим кийүү керек деген сыяктуу сунуштарга көңүл буралы.

2014-жылкы жылынын тумары  катары  Көк түстөгү жыгач жылкы эсептелет. Жылкы ашыкча чуру-чууну анча жактыра  бербеген жаныбар. Андыктан жаңы жылды үй бүлөңүз, досторуңуз жана жакындарыңыз менен кеңири бөлмөдө тосууну сунуштайбыз.

Жылдын башкы стихиясы- суу болуп эсептелет. Ал дайыма кыймылда, өзгөрүп тургандыгы, бардык  жерге жол тапкандыгы  жана тез –тез өзгөрүп тургандыгы менен айырмаланат. Жылкынын көк түсү- бул космостун, түпсүз караңгылыктын  түсү.

2014-жылкы жылы  элдин турмушуна туруксуздук, жашоодогу күтүүсүз өзгөрүштөрдү  алып келет. Андыктан бул  жылы бардык ишти пландаштырып, ойлонуп баштоо керек, ар дайым  сак жана этият болуу да  зарыл.  Бул жылы Зодияктын көп  белгилеринин жолу болушу мүмкүн. Көптөн бери ойлонуп жүргөн пландарыңыз  ишке ашат, айрымдар үй –бүлө курушат, көптөр үй-жайлуу болушу ыктымал, айрымдар башка жактарга көчүшөт, балалуу болушат. Кыскасы Жылкы жылы бизге көптөгөн  кубанычтарды жана ийгиликтерди алып келгендиги менен айырмаланат.

Зодиактын бул түрү ачык көк, жашыл жана кара түстөрдү жактырат. Демек  Жаңы жыл  күнү кара же каралжын көк  түстө кийингенге аракет кылыңыз. Аялдар  денесине жабышкан жашыл түстө кийинсе болот. Ал эми эркектер жашыл шарф, жашыл галстук же жашыл костьюм кийип алышса болот.

Жаңы жылдык столдо албетте оливье коюлат. Быйылкы жылдын айырмасы бул жаңы жылды тосууда столдо  балык жана  деңиз тамактары болуусу керек.  Мисалы икра, деңиз капустасы жана башка деңиз продуктыларын коюңуз.   Тамак ашты демейдегиден башка, өзгөчө кооздоп  коюу керек. Мындан сырткары жылкы  коендун этин жактырат. Майрамдык столго отураардын алдында столго бир бутак  кызыл карагайдын  бутагын таштап койгонуңуз оң. Кызыл карагай көп жашоонун символу болуп эсептелет.

                                                                                                                    Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>