Айыл жана шаар мектептеринде кандай айырма бар?

Фото75

Мен бүгүн  айыл жана шаардын мектептеринде окуп жатышкан окуучулардын билим деңгээлин салыштырып көрүүнү чечтим. Көп  учурларда  кыштактагы мектептердин билим берүүсү төмөн дешет. Бирок кыштактын мектептеринен эле бүтүп,  дүйнө жүзүнө белгилүү болгон инсандар көп экени белгилүү. Анда мен эмне себептен окуучу  кай жердеги, кайсы мектепте окубасын ал адамдын өзүнүн жөндөмүнөн деген  бүтүмгө келгениме  токтолууну чечтим.  Мен бул макаламды толуктоо үчүн айылдан шаарга билим издеп келген Мамасадык уулу  Нуржигит менен маектештим.

-Саламатсыңбы, Нуржигит? Сен өзүң жөнүндө айтып кетсең?

-Мен буга чейин  Совет районундагы айылда Жапар Акматалиев атындагы  мектебинде 8-классында окугам. Менин шаарга келишимдин себеби   жакшы мектепке кирип, билимимди өстүрсөм деген максатым бар болчу.

-Сага жакындарың  кайсы мектепти сунушташты?

-Мага Керме-Тоо мектебин сунушташты. Ал мектепте окуган өзүм курактуу балдар менен да достошуп алдым.

-Өзүң окуган мектепте  канча деген  бааларды алып, кандай окучусуң?

-Мек жакшы окучумун. 4 жана 5 деген бааларга окучумун.

-Ошко келгениңе канча  болду? Ош шаары сага жактыбы? Үйрөнүп калдыңбы?

-Албетте, жакты. Башта деле тез-тез келип турчумун. Азыр ушул шаарда жашап, окуйм деп кубанып жүрөм. Келгениме 3-4 күн болсо да шаардын көптөгөн жерлерин көрүүгө жетиштим. Биринчи үйрөнө албай кыйналып жүргөм, азыр жакшы, көнүп калдым. Баары жакшы болот деп үмүттөнөм.

-Кандай кесиптин ээси болууну эңсейсиң?

-Мен келечекте куруучу болсом деп кыялданам. Ошко кооз  жана бийик үйлөрдү курсам дейм. Мен  математика, чийүү жана физика сабактарын жакшы көрөм. Тилекке каршы чийүү  сабагы бизге өтүлбөйт. Сүрөт тартканга абдан кызыгам.

                                                   Маектешкен Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>