Космонавттар күнү белгиленди

№11 Валентина Терешкова атындагы жатак мектебинде  12-апрель Космонавттар күнү салтанаттуу түрдѳ белгиленди. Кыдырата тизилген мектеп окуучуларын  мектептин директору Гүлсүн Матиева куттуктап, Терешковадай  учкучтун наамын алып жүргѳн мектептин окуучулары мыкты окуулары керек экендигин белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Белгилүү акын Бурулкан Карагулова дагы окуучуларды куттуктап, ал ѳзү  Ноокатта жатак мектепте окуганын айтып, кичине кезинде ата-энесин, бир туугандарын сагынгандагы ырын окуп берип, силер биздин келечегибизсиздер, силердин араңарда эртеңки депутаттар, аким, губернаторлор, президенттер отурушат. Келечегиңер силердин ѳз колуңарда, андыктан мыкты окугула,-деди.

Салтанаттуу жыйында мектеп окуучулары тарабынан даярдалган ыр-күүлѳр жаңырып, балдар, кыздар бийлешип отургандын кѳңүлүн ачышты.

                                                                                   Диана Султанова,

    №11 В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин 8-б классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>