Биздин мектеп наамын алып жүргѳн Уркуя Салиева 1910-жылдын 17-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тактек айылында туулган. Ал ошол кездеги аялдын орду үйдѳ, казан- аякта,-деген эски кѳз карашка карабастан эски заман менен күрѳшүп, жакшы жашоону орнотууга бүткүл күч- аракетин жумшап, колхозду башкарып турган. 1934-жылы 3-февралда Уркуя Салиева ѳмүрлүк жолдошу экѳѳ тең душмандар тарабынан ѳлтүрүлгѳн.
Ал эми кыргыздын алгачкы чыгаан кыздарынын бири Уркуянын ысымын алып жүргѳн жатак мектеби 1948-1949-жылдары кыргыз кыздарын окутуу үчүн 200 орундук жатак мектеби болуп ачылган. Кайрадан 1956-жылы Ѳзгѳн шаарынан Ош шаарына которулган. 1974-жылы Ош шаардык комитетинин чечими менен жатак мектепке баатыр энебиз Уркуя Салиеванын ысымы ыйгарылган.
1993-1994- окуу жылында мектеп -лицей болуп, толук статуска ээ болду. 1996-2006-жылдары ОшТУнун курамына бириктирилип, 2006-жылдын 30-июнунан тартып Ош облустук таланттуу балдардын лицей- жатак мектеби болуп ѳзгѳрдү. Бул мектептен кыргыз элинин бир катар чыгаан уул-кыздары тарбияланышкан.
Мектепте азыркы мезгилде 519 окуучу билим алып тарбияланышса, 56 мугалим, табиячылар эмгектенишет.
Курманбек Базарбаев,
У.Салиева атындагы лицей-жатак мектебинин
10-«В» классынын окуучусу















Комментарии