Атактуулардын балалыгы

«Титаник»  фильминин башкы каарманы Леонардо Ди Каприо

«Оскар» сыйлыгынын үч жолку номинанты, америкалык белгилүү актер Леонардо Вильгельм  Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда Лос-Анжелесте туулган. Ди Каприоннун апасы Ирмелин боюнда бар мезгилинде Италиянын бир музейинде сүрѳт кѳрүп жүргѳн. Леонарда Да Винчинин сүрѳтүнѳ сугун артып,  кызыгып карап турган мезгилинде ичиндеги баласынын акырын тепкилегенин сезет. Ошондо уул тѳрѳсѳм атын Леонардонун атынан атайм деп ниет кылат. Кѳп ѳтпѳй баласы жарык дүйнѳгѳ  келгенде улуу художниктин атынан атайт.

Ди Каприонун атасы Джордж комикстердин автору, ал эми апасы Ирмелин социалдык кызматкер болуп эмгектенишкен. Бирок Ди Каприо бирге чыга элегинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Бирок бала атанын да, эненин да мээриминен кур калбасын деген максаттаата-энеси  мүмкүнчүлүктѳрүнүн жетишинче экѳѳ тең тарбиялоого аракет кылышкан. Атасы  2,5 жашында Леону балдардын белгилүү телешоусуна алып барган. Бул болочок актердун камераны биринчи кѳрүшү эле. Шоунун продюсерлери адегенде ѳтѳ активдүү наристенин жоруктарына таңданышкан. Бирок ѳтѳ эле активдүү  Леодон  тез эле тажашып, аны бошотууга шашышкан. Себеби ал эч кимди укпай, шоунун тартылышына тоскоол болгон. Бой тартканда Ди Каприо Сидс университетинин алдындагы башталгыч мектептин актердук чеберчилик курсунда  окуй баштайт.  Кийин терең билим алуу үчүн Лос-Анжелеске жѳнѳйт. Ал жерде педагогдор ѳткѳн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу   публикага чыгуу үчүн  «The Mud People» авангарддык трупасы менен Лос Анжелеске гастролго чыгат. Сидс мектебин бүтүргѳндѳн кийин Лос Фелиздеги Лео Джон Маршалдын мектебине тапшырып, ал жерде ѳзүнүн биринчи пьесасын ойнойт. 15 жашында Ди Каприонун ѳзүнүн жеке агенти болгон, ошол мезгилде эле кѳп жерлерде рекламалык роликтерде, документалдык фильмдерде тартылган. Ошол эле жылы Лео ошол кездеги эң белгилүү «Лесси» сериалында кичине ролдо ойногон. «Санта Барбарада» аракечтин, дагы башка сериалдарда ойной баштаган.

Ошентип, Ди Каприонун карьерасы күндѳн-күнгѳ ѳсѳ берди. 1991-жылы экранда анын катышуусу менен «Зубастики-3» деген аталыштагы биринчи чоң кино тартылды. Ошол эле жылы, 16 жаштагы ѳспүрүмдү  ABS компаниясынын-«Growing Pains» белгилүү сериалына тартылууга чакырышты. Андан соң «Баланын тагдыры» фильминде башкы ролго тартылды. 1993-жылы швед режиссеру Ласс Халстром Ди Каприону  «Что Гложет Гилберта Грейпа?» деген фильмине тартат. Жарым акыл ѳспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ага 1994-жылы «Оскар» сыйлыгын ыйгарышты.  Анда  Лео 19 жашта гана болгон.

Леонун жараткан образдары кѳрүүчүлѳргѳ жакпай калган учурлар да болду.  …Ошол күндѳрү Джеймс Кемерон «Титаник» фильмин тартмакчы болуп, башкы ролго мыкты актер издеп калат. Кѳпчүлүк Ди Каприону сунуш кылышат. Лео ал кезде жаш, таланттуу актер катары таанылып калган эле. Бирок режиссер адегенде Ди Каприону анча деле жактырган эмес. Ди Каприодо башкы каармандын бардык сапаттары жок деп ойлогон. Бирок Ди Каприого жолугуп, аны менен баарлашкандан  кийин ал ѳз пикирин ѳзгѳрткѳн. Ага Ди Каприонун тамашѳкѳйлүгү, ким менен болсо да  тез тил таап кеткендиги жана ролду мыкты ойногондугу, жылдыздуулугу  жагып калган. Бирок Леонардо ѳзү да адегенде «Титаникте»  башкы ролду ойноого макул болгон эмес. Себеби бул ролду жеткиликтүү  ойной алаарына кѳзү жеткен эмес.

Бул кино Ди Каприону дүйнѳ жүзүнѳ таанытып,  болуп кѳрбѳгѳндѳй аброй, кадыр -барк, материалдык байлык  алып келди. «Оскардан» эле 14 номиацияга ээ болуп, ага  11 статуэтка тапшырылды. Бул мезгил-дүйнѳ жүзү Ди Каприомания менен ооруп, аны менен дарыланган учур болду.

                                                                Азамат МАМАТАЛЫ уулу,
«Олимп» мектеп – гимназиясынын 8-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>