Балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу зарыл

Жашы жете элек балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны ботурбоо, ага каршы күрѳшүү бул бир гана мектеп, билим берүү бѳлүмүнүн, же укук коргоо органдарынын гана милдети эмес. Бул баарыбыздын милдетибиз. Жаш ѳспүрүмдѳрдүн тарбиясына ѳзгѳчѳ маани берип, анын келечекте кылмыш жолуна түшпѳй, бекем ден соолукта ѳсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүүбүз зарыл. Балдар биздин келечегибиз, алардын тарбиясына, келечегине баарыбыз жоопкербиз,-дейт Алай районунун прокурору  Сүйүн Сатыбалдиев.

Алай райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете электер боюнча мыйзамдардын так жана ѳз деңгээлинде аткарылуусу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча аталган райондун прокуроруна кайрылганыбызда ал 2013-жылдын 1 кварталында 16 текшерүү жүргүзүлгѳнүн, натыйжада  мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 14 сунуш киргизилип, 1 кылмыш иши козголгонун, 5 кызмат адамы дисциплинардык тартипте жазаланганын белгиледи. Жашы жете элек балдардын кылмышка катышып атканы ѳкүнүчтүү,-дейт ал. Жашы жете элек балдар негизинен турак жайларга уурулукка, тоноого, уурдоого катышышууда. Ѳкүнүчтүүсү- балдар арасындагы кылмыштуулук 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы 5 кылмышка, ал эми учетко алынгандардын саны 9га кѳбѳйгѳн. Тактап айтканда 2012-жылы жаш ѳспүрүмдѳр тарабынан 8 кылмыш жасалып, 13 ѳспүрүм катышкан. Терең талдап караганда кылмыш жасаган ѳспүрүм балдардын кѳбү-ата-энеси ажырашып кеткен үй бүлѳлѳрдүн, же чет мамлекетке иштеп кеткендердин, же болбосо ата-энеси каза болуп, жакындарынын колунда калган балдардан чыгууда. Демек коомчулук, мектеп, жергиликтүү  бийлик, укук коргоо органдары, жалпы эле бала тарбиясына жоопкер болгон бардык мамлекеттик органдар ошол балдардын жүрүм-турумун, тарбиясын кѳз жаздымда калтырышууда. Мындай учурда мен ошол баланы кароосуз калтырган ата-эне , мектеп, жергиликтүү бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдар, коомчулук күнѳѳлүү деп эсептейм.

Жаш ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулуктун жылдан жылга ѳсүп баратканы бул орчундуу, ѳзгѳчѳ кѳңүл бура турган, жалпы коомчулукту тартуу менен кечиктирүүсүз чара кѳрѳ турган маселе. Биздин райондо бул маселе координациялык кеңешмеде каралып, кечиктирүүсүз чара кѳрүү  боюнча иш чаралар белгиленди,-дейт Сүйүнбек Сатыбалдиев.

Автордон: Жогоруда белгиленгендей жаш балдардын кылмышка катышып жатканы абдан ѳкүнүчтүү. Кээ бир балдар кароонун, кѳзѳмѳлдүн жоктугунан бирѳѳлѳргѳ кошулуп, ѳздѳрү кылмыш жасап жатканын да билбей кылмыш ишине барышууда. Айрым балдарды улуу муундагы адамдар кылмышка түрткѳн учурлар болууда. Мени биз курактуу балдардын эртеңки келечек тууралуу ойлонгондун ордуна кылмыш кылтагына илинип атканы, бүчүр кезинде тагдыры талкаанып атканы  абдан ѳкүндүрѳт.

                                                                         Каныкей Жеңишбек кызы,

                                     П.Ж.Нышанов атындагы №50 мектептин 10-классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>