Кѳчѳ балдары да мээримге муктаж

Кийимдери тургай беттери жуулбай, чачтары үрпѳйүп, кийимдери жыртылып, жүдѳгѳн балдарды кѳчѳдѳн кѳп кѳрѳбүз. Алардын дээрлик бардыгы тилемчилик кылып, жертѳлѳлѳрдѳ, жылытуу түтүкчѳлѳрү ѳткѳн жерлерде жашашат. Кѳпчүлүгү үйлѳрүнѳн качып, кѳрүнгѳн жерде жашап кѳнүп  калган балдар. Алардын качып кеткенине жакындары кѳнүп калгандыктанбы, эч ким деле издебейт. Үйдөн качкан балдардын бардыгы тилемчилик жасашат, кѳпчүлүгү тапкан акчаларын компьютердик оюндарга коротушат  «Көчө балдарынын» саны жылдан жылга көбөйүп баратканын милиция кызматкерлери билдиришти. Өзүбүз деле көчөдөн тилемчилик кылышып, же жаш экендиктерине карабастан акча таап, жан багыш үчүн иштеп жүрүшкөн балдарды көп кезиктиребиз. Ѳзгѳчѳ ѳзү кичинекей туруп, кыйраңдап чоң арабадагы жүктү эптеп сүйрѳп бара жаткан киичинекей баланы кѳргѳндѳ ичим ачышат.

Көп жолу андай балдарга колумда бар тыйынымды берген учурлар да болгон. Анан эмне кылаар экен деп карап турсам, аны өзүнө окшогон дагы бир башка бала жашынып күтүп турганын байкагам. Алар бир нечеси биригип, ээн жерде жаш балдарды тоношуп, же уруулукка киришкен учурлар жөнүндө да көп уккамын. Ушундай балдарды милиция кызматкерлери ар кайсыл жерде кармашып, Ош шаарында жайгашкан жашы жете электерди адаптациялоочу жана реабилитациялоочу борборго алып келишет. Жакында ушул жайда болуп, анын жетекчиси Кадыралы Капаров менен сүйлөштүм.

Ал, «көчө балдарынын» көпчүлүгү үйлөрүнөн качышкан 14-16 жаштагы өспүрүмдөр болорун айтты. Жашоо-турмушу жакшы эмес үй-бүлөлөрдүн балдары качышат, же ата-энелери алыста иштешип,  туугандарынын колдорунда калышкандар тамак-аштын жетишсиздигинен жана камкордуктун жоктугунан, же начар мамиле жасагандан улам көчөгѳ чыгып кетишет. «Аларды бул жерге алып келген учурда чөнтөктөрүнөн сөзсүз түрдө тамеки, насывай жана башка балдарга тиешелүү эмес нерселер табылат. Дээрлик бардыгы тилемчилик жасоо менен акча табышып, бирок ал акчаны кайра компьютердик оюндарга коротушат», – деди К.Капаров.

Бул борборго жыл башынан бери эле 90го жакын бала түшкөн. Өткөн жылы эле 527 «көчө баласы» катталып, алардын ичинен 23 бала Кадамжайдагы балдар үйүнө жөнөтүлүп, калганы үйлөрүнө кайтарылган.

«Кээде бизге балдардын өздөрү ачкалыктан, же жашай турган жай таппагандыктан, суукта үшүп экинчи-үчүнчү жолу кайрылып келишкен учурлары да болот», – деди К.Капаров. Ош облустук жашы жете элек балдарды адаптациялоочу жана реабилитациялоочу борбордун имараты эки кабаттуу болуп салынган. Ичинде балдар үчүн жакшы шарт түзүлгөн. Көчөдө кармалган балдардын ден соолугу текшерилип, кийим-кечек, тамак-аш менен камсыз болунат. Ошондой эле аларга сабактар да өтүлүп, сабаттуулукка тарбияланышат.

Көчө балдарынын көбөйүшүнө баарыдан мурда ата-энелер күнөөлүү деп эсептейм. Алар балдарын жакшы карашса, мээрим тѳгүшсѳ жана тарбиялашса алар көчөгө качышмак эмес. Ошон үчүн эң биринчи балдарга мээрим, камкордук жана тарбия керек.

Маматалы уулу Азамат,

Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясынын

8-Б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>