«Биз таза шаар үчүн» акциясы

Ош шаарында  жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен комитеттин окуу долбоорунун мүчѳлѳрү,  мектеп окуучулары  катышкан «Биз таза шаар үчүн»  акциясы ѳткѳрүлдү.  Аталган комитеттин жооптуу кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  акциянын  катышуучулары ак кепкаларды кийип, шаарды таза сактоо боюнча жарнамаларды кѳтѳрүп бир катар кѳчѳлѳрдү кыдырып жүрүш жасашты.   Андан соң шаардын борбордук  кѳчѳлѳрүнүн биринде таштандыны ыргытып   коюп, чекерээкте карап турушту. Таштандыны карап коюп ѳтүп кеткендер, таштандыга кѳңүл бурбагандар кѳп  болду.  Айрымдары кайрылып, таштанды таштоочу жерге таштандыны  алып барып ыргытышты. Таштандынын жатканына кайдигер карабай, кѳчѳдѳн алып урналарга ыргыткандарды акциянын катышуучулары кол чаап тегеректеп калганда түшүнбѳй таң калгандар, чочугандар  болду. Шаар тазалыгы үчүн кайдигер карабаган 6 жаранга гүл, белектер тапшырылды. Тазалык үчүн белекке арзыгандардын кѳпчүлүгү жаштар болду.

                                                                                 Нурсейит Мамасыдыков

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>