Бүгүнкү мейманыбыз Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу Даткайым Ибраева жакында республикалык олимпиадага катышып, биринчи орунду жеңип кайтты.
-Даткайым, жеңишиң кут болсун! Олимпиадага каалагандын бардыгы эле катыша албайт эмеспи. Сен кантип катышып калдың, абдан тырышып окуп жүрѳсүңбү, же кокустукпу?
– Бул жѳн эле болбойт деп ойлойм. Биринчиден ар дайым жакшы окуганга аракет кылам. Анан менин жѳндѳмүмѳ мугалимдер да ишеништи. Бул мени андан бетер шыктандырды. 8-класстан баштап мени орус тилинен сабак берген эжекем даярдай баштады. 9-10-класстарда олимпиадага катышып, аймактык таймашта 2- орунду алып келгем. Анан быйыл 11-класста шаардык, аймактык олимпиадаларда жеңишке ээ болуп, республикалык олимпиадага катышып, 1-орунду жеңип келдим.
-Биринчи орунду багындырам деп ойлодуң беле?
-Жок. Албетте, ичимден абдан каалагам, бирок ишене алган эмесмин. Себеби республикалык олимпиадага республика боюнча абдан кѳп кыйындар катышат, мен жеңишке жетишем деп ишенген эмесмин.
-Жеңип кайтканыңда кантип тосуп алышты?
-Укмуш, ѳзүм деле абдан сүйүнүп кайттым. Мектепке келгенимде биринчи директор, завуч жана кѳптѳгѳн мугалимдер гүл беришип, «азаматсың» деген сыяктуу жагымдуу сѳздѳр менен куттукташты. Сүрѳтүмдү мектепке илип коюшканына абдан кубандым.
-Сенин жеңишиңди бѳлүшкѳндѳр жана кѳрѳ албагандар болдубу?
–Кѳрѳ албагандар болду окшойт, ичтеринен, билдирбей…Бѳлүшкѳндѳр кѳп болду, досторум, туугандарым. Мен үйгѳ барганда алыстан туугандарым келип, жакшы тилектерин айтып куттукташты.
-Канча бир туугансыңар?
-2 бир тууганбыз, бир сиңдим бар. Мен жеңип келгенимде ал да сабакка кызыгып калды. Сиңдим да англис тили сабагынан олимпиадага барам деп кызыгып жүргѳн кези.
-Олимпиадада жеңишке жетишип келгендерди жергиликтүү бийлик куттуктап, акчалай сыйлыктарды берип жүрбѳйбү. Сен ошол сыйлыгыңды эмнеге жумшадың?
-Чындыгын айтсам мен эч кандай сыйлык ала элекмин.
Нурсейит Мамасыдыков
Комментарии