Бала менен акылман

Бир күнү  акылман арабага түшүп келе жатыптыр. Ал арабасын токтото калып эңкейип караса, жолдо кичинекей бала шаар жасап ойноп жатат. Акылман: -Балам, арабага жол бербейсиңби?-деди. Бала  акылмандын баш-аягына карап туруп:-Чоң ата, мен шаар салып жатпаймынбы. Шаар арабага жол бербейт. Араба шаарды айланып ѳтүшү керек го,-дейт. Акылман абдан таң калат.

Арабадан түшүп келип:-Балам, жашыңа караганда акылың кѳп экен,-деди.  –Эмне үчүн андай дейсиз, коендун бѳжѳгү үч күндѳн кийин жүгүрүп кетет. Жети жашка келгиче, мен кантип бир нерсени билбейин,-дейт  бала. Акылман жылмайып: -Мен сага бир нече суроо берейин. Жооп берсең бир нерсе билээриңе ишенейин,-дейт. -Кандай сууда балык болбойт? Кандай тоодо таш болбойт? –Кандай жыгачта бутак болбойт? Ушуларга жооп берчи дейт  акылман. –Булактын суусунда балык болбойт. Кум дѳбѳдѳ таш болбойт. Чирик жыгачта бутак болбойт .-деп жооп берди бала. Кичинекей баланын акылына акылман абдан таң калып, «Балам окууну кѳп оку. Акылың дагы арбыйт. Ѳмүрүң узун болсун,-деп баланын шаарын айланып ѳтүптүр.

                                                                                                  Асадбек Расулов,

                                              М.Сабиров атындагы  орто мектептин 7-Г классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>