Апендиге бир жолдошу чуркап келип, күйүккѳн демин араң басып: Тээтиги иттен коркуп, жүрѳгүм түшүп калды,-дейт. Апенди анда: камыраба, азыр жүрѳгүңдү алып келип берем,-дептир.
Мугалим Апендиден: -Тѳрттѳн тѳрттү алса канча калат?-деп сурайт. Апенди билбей коет. Мугалим: Кел анда экѳѳбүз биргелешип чыгаралы. Сенин чѳнтѳгүңдѳ тѳрт тыйын бар эле, тѳртѳѳ тең түшүп калды дейли, канчасы калды?-дейт мугалим Апендиге жан тарта. Чѳнтѳгүмдүн тешиги эле,-дейт шашып Апенди.
-Эшикке калың кийинип чыксаңчы, суук тийип жүрбѳсүн,-дейт апасы. –Жок, апаке. Суук тийбейт, мен ага тийишпейм да,-дептир Апенди.
Апенди үйүнѳ келсе, үйүндѳ бир тааныбаган чоочун киши отуруптур.
-Сен кимсиң?-дейт Апенди андан.
-Кудайдын жээнимин-деп, жооп айтат тиги.
-Жээни болсоң, жүр-деп, Апенди аны ээрчитип барып, мечитке кийрип коет да мындай дейт,-таякеңин үйү ушул.
Апендиден «Ай жакшыбы, же күн жакшыбы?» деп сурашат. Албетте ай,-дейт ал. Эмне үчүн , десе, эмне үчүн дегенде Күн ансыз да жарык турган күндү күндүз жарык кылат, а Ай болсо түндү жарык кылат,-дептир.
Апендиден бирѳѳ сураптыр:
-Ай жаңырганда эски ай кайда кетет?-деп.
-Оо макоо! Ошого да башың жетпейби? -дептир Апенди анда. –Эски айды туурап-туурап туруп, жылдыз кылып чачып ийишиет.
-Эмне үчүн Ысык-Кѳл туздуу?-деп, Апендиден сурашса, Апенди айткан тура: -Туз сээп турбаса, балыктар сасып кетет да,-деп.
Апендини шакабаламакчы болуп, бир теңтушу мындай дептир: -Апенди, кудай уруп, чычкан жутуп ийдим. Кантсем кутулам?
-Артынан тирүү мышык жутуп жибер,-деген экен Апенди анда.
Айтурган Маматжан кызы,
№11 В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин 3 «А»-классынын окуучусу
Комментарии