Чынгыз Айтматовго арналган акыл ордо таймашы

Adilet-Ilyaz-uulu-224x300

Атактуу сүрөткер,  кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата өлкөбүздө жарыяланган 1 айлыктын негизинде Ордолуу Ош шаарыбыздын орто билим беүү жайларында бир топ маданий-массалык интеллектуалдык иш чаралар өткөрүлдү. Алардын бири “Айтматов ордосу” деп аталган интеллектуалдык акыл ордо таймашы боду.Таймаш негизинен Айтматовдун чыгармалары аркылуу окуучуларды табиятты сүйүүгө, жаратылышты коргоого чакыруу максатын көздөйт.Таймашка шаарыбыздагы №31 Курманжан датка мектебинин “Ак илбирс”тобу жана №48 мектептин “Ак кеме”тобу катышты.Таймаш №14 Алтыбаев мектебинде өткөрүлдү. Таймашта окуучулар “Жыл сереп””Каармандар үнү”,”Замандаштарынын баасы”, “Балдар дүйнөсү”, ”Кино тасма”, сыяктуу категорияларга жооп беришип, көркөм окуу, монолог жана да сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.Жыйынтыгында 40упай менен “ак кеме”тобу экинчи орунду алса, ал эми  “Ак илбирс” тобу 46 упай менен биринчиликке татыктуу болду. Мындай сынактар окуучулардын акылын гана өрчүтпөстөн, ынтымакка да үндөөрүн айтат Ош шаардык билим берүү  башкармалыгынын Кыргыз тил усулунун башчысы Гүлмира Осекова.

Ильяз уулу Адилет,

 №31 Курманжан датка  орто мектеби  10-”б” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>