Окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу мезгилдин талабы

Бактыгул

Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы орто билим берүү  жайларында жаңы «Старттык эксперимент» усулу менен окутуу жайылтылууда.Бул жаңы ыкманын  өзгөчөлүктөрү жөнүндө  кененирээк маалымат алуу максатында  №31 Курманжан Датка орто мектебинин биология мугалими, «Эл агарттуунун мыктысы» Аттокур кызы Бактыгүл эжейди сөзгө тарттык.

– Эжей, ушул «Старттык эксперимент» ыкмасы жөнүндө кененирээк айтып кетсеңиз?

-Бул ыкма Германияда иштелип чыккан  SEA усулу деп аталат. Азыркы учурда өлкөбүздүн  баардык аймактарында бул ыкманы жайылтуу иштери жүрүп жатат. Бул ыкма иштелип чыкканда ар аймактан тандалган мугалимдер  үчүн  атайын окутуу  курстары ачылган. Азыркы учурда өлкөнүн  бардык облус, шаарларында бул ыкма окутулуп,  жакшы жыйынтык көрсөтүүдө.

-Бул жаңы ыкманын кадимки окутуу ыкмасынан  өзгөчөлүктөрү  эмнеде?

-“Старттык эксперимент” сабагы окуучуларга жандуу жана жансыз жаратылыштагы бардык кубулуштарды өз колдору менен аткарып, практикалык эксперименттик байкоолорду жүргүзүп,  андан жыйынтык чыгарууга, далилдөөлөрдү  аткарууга  мүмкүнчүлүк берет. Баса белгилеп кетчү  нерсе, сабакта мугалимге караганда окуучулар активдүү болушат  жана   бул ыкма окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн  өнүктүрүү менен катар, жаратылышка байкоо жүргүзүүсүн күчөтөт.

-Окуучулар бул ыкманы кызыгуу менен кабыл алышууда деп ойлойм…

-Албетте! Адаттагы сабактан айырмаланганы үчүн жакшы кабыл алып жатышат. Практикалык иштерди аткаруу алар үчүн  бир топ кызыктуу жана эсте каларлык болууда. Сабакта дагы  бардык окуучулар активдүү катышышууда.

-Сабактын жүрүшү   тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Сабак негизизинен 90 мүнөттөн  турат. Сабак мезгилинде ар бир окуучу өз колдору менен биологиялык, химиялык реакцияларды жасашып,  андан жыйынтык чыгарышат. Реакциялардын  үстүнөн  далилдөөлөрдү аткара алышат.

-Маегибиздин акырында  айта кетсеңиз, ушул сыяктуу заманбап усулдар республикабызда окуучулардын  билим деңгээлинин  жогорулашына өбөлгө түзө алабы?

-Албетте түзөт, себеби азыр ааламдашуу доору, илим жана техниканын заманы, андыктан окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү мезгилдин талабы. Азыркы  SEA усулу сыяктуу окутуу ыкмалары жаш муундардын жандуу жана жансыз жаратылышка жакын болуп, анын сырларына кызыгып, аны тереңден изилдөөгө  жол ачат.

-Рахмат эжей,ишиңизге ийгилик!

                                                                           Маектешкен Адилет Ильяз  уулу

                                             №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин

                                           10-б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>