Курманжан Даткада аймактык олимпиада

imagesОш шаарындагы №31 Курманжан Датка  атындагы орто мектебинде  22-декабрь күнү  шаардын Жапалак аймагында  жайгашкан мектептердин окуучулары катышкан  аймактык олимпиада болуп өттү. Олимпиадада шаарыбыздагы №18, №52 жана Алмалык аймагында жайгашкан №25  мектептин алдыңкы окуучулары ат салышты. Олимпиадага эртең мененки жааган карга карабастан өз билимин сыноого койгон окуучулар, аларга  күйөрмандык кылган мугалимдер тынымсыз агылып келип жатышты.

Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолгон соң, окуучулар кааналарга предметтик сабактар, класстар боюнча жайгаштырылып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Бектурсун  Көкөновдун жетекчилиги астында тапшырмалар таркатылды. Окуучулар өз иштерин тапшырган соң атайын шифрлер коюлуп, окуучунун аты-жөнү жазылбаган иш баракчалары текшерүү комиссиясына берилип, эч кандай чындыктан четтетилбестен ачык-айкын, калыс   жыйынтыктар чыгарылды. Бул олимпиадада 1-2-3-орунга татыктуу болгондор  шаардык олимпиадага катышышмакчы.

                                                              Адилет Ильяз уулу,

                                             Ош шаарындагы №31 Курманжан Датка атындагы

                                         орто мектебинин 10-б классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>