Салттуу ЖМКлардын сайтынын популярдуулугун өстүрүү

“Журналисттер” коомдук бирикмеси ушул жылдын март айында Ош жана Бишкек шаарларында “Салттуу ЖМКлардын сайтынын популярдуулугун өстүрүү боюнча” тренинг өткөрөт. Тренинг конвергенттик ЖМКларды түзүү, салттуу ЖМКлардын сайтын колдонуучулардын санын өстүрүү, ЖМК менен сайт бирдиктүү организмдей иштеши үчүн эмне кылуу керектиги туурасында болот. Окууну конвергенттик ЖМКны иштетүүдө чоң тажрыйбасы бар мыкты адистер өткөрөт.

Катышуучулардын саны чектелүү болгондуктан, сынактын негизинде тандалып алынат. Сынакка Кыргызстандын баардын аймактарында иш алып барган маалымат каражаттары катыша алат. Аймактык ЖМКлардан келген катышуучуларга жол кире жана жатакана чыгымдары төлөнүп берилет.

Окууга катышкысы келген ЖМКлардын башкы редакторлору “Журналисттер” коомдук бирикмесинин дарегине (journalist.kg@gmail.com) тийиштүү билдирүү катын жөнөтүшү абзел. Анда төмөнкү маалыматтар камтылышы шарт:

  1. ЖМКнын аталышы жана түрү;
  2. ЖМКнын сайтынын дареги;
  3. Сайттын окумдуулугу (сайтка киргендердин саны) боюнча статистикалык маалыматтар (акыркы 6 ай аралыгындагы), же болбосо бул маалыматтар менен таанышууга мүмкүн болгон веб-булактын дареги;
  4. Редакцияда сайт менен иштеген атайын адам барбы? Жок болсо, сайт менен иштегенге атайы адамды (же топту) дайындоо пландаштырылганбы?
  5. Тренингге катыша турган адамдын аты-жөнү.

Билдирүүнү 28-февралдын 17:00нө чейин жибериш керек.

Окуу тууралуу толук маалыматты төмөнкү ссылкадан окуй аласынар.

Салттуу ЖМКлар үчүн сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлөт

Мэри Бекешова

Тел:  0996 555820081
E-mail: meri.bekeshova@gmail.com

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>