Daily Archives Среда марта 19th, 2014

Уйку

уйку

Уйку бул— организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы; ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнү н таасирине реакциянын төмөндөшү  менен мү нөздөлөт.  Мында организмдин ишке жөндөмү , айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жү рөктүн иштеши,  дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү  организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу.  Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».  Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилү ү  заттардын сарпталышына карата өзгөрү үлөр болуп турат...

Далее

Жаштарга

Урпагыбыз айкөл Манас атанын,

Урматтайбыз улуу муун адамын.

Терс адатты таштандыга биз таштап,

Үйрөнөлү ыймандуулар сабагын.

Кыргыз уулу эр жүрөктүү дайыма,

Кыргыз кызы мээримдүү келет калкына.

Эли-жерин ыйык тутуп ар убак,

Намыскөйлүк берсе экен жаштарга.

Эмгектенип, билим алып окусак,

Элибизге кызмат өтөп биз турсак.

Ак батасын кимдер эле бербесин,

Доорубуздун пайдубалын  биз курсак.

Акылмандык, ыкчамдыкты үйрөнгүн,

Ач көздүккө, сар...

Далее