Ар түрдүүчө адам болот эмеспи,
Мугалимге кимдир бирөө теңдешпи?
Эмгектенип, өз билимин бизге арнап,
Фатима эже мээримдүү жан эмеспи.
Окуучунун жан сырдашы боло алган,
Айтып бүткүс не бир сөзгө татыган.
Жарык берип, сахнанын дагы төрүнө,
Таланттуунун таланттуусун чыгарган.
Сынактарда байгелерди ыйгарган,
Талыкпастан мээримдүү бизге караган.
Окуучум деп күнү тынбай талпынып,
Боорукер жан окуучуларына арбалган.
Күлүп турса айдай сулуу керемет,
Пейли кенен бөбөккө да ийилет.
Күндөн-күнгө жашаргансып баратат,
Фатима эже өз энемдей сезилет.
Адам бол деп күндө айтат сабакта,
Чектен ашып бара жаткан убакта.
Ойго чөгүп, терең ойго батасың,
Ар намыстуу акылдарды айтканда.
Ардак болгон баалуу сөздөр арнайын,
Узун өмүр, чың ден соолук каалаймын.
Маанайыңыз жарык болсун ар дайым,
Ыраазымын, ырахматым айтамын.
Айгерим Жумамамат кызы,
№11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин
8-А классынын
окуучусу
Комментарии