Ош шаарындагы № 11 В.В. Терешкова атындагы жатак мектебинде «Терешкова мырзалары-2014» сынагы болуп өттү. Сынакка беш класстын окуучулары катышты. Сынактын жобосу боюнча сынак атайын даярдалган сценарийден туруп, саламдашуу, өнөрүң болсо өргө чап, улуттардын бийлери, жеке номерде ата-энеге, ата журтка арналган патриоттук ырлар, суроо, жооп жана жыйынтыктоо бөлүктөрүнөн турду.
Натыйжада биричи орунга 8-А класстын окуучусу Бегалы Абдисатаров татыктуу болуп, «2014-жылдын Мырзасы» наамы Бегалы Абдисатаровго ыйгарылды.
Феруза Улукбек кызы,
№11 В. Терешкова атындагы жатакмектебинин
7-А классынын окуучусу
Комментарии