Керме-Тоо мектебинин жаңылыктары

Патриоттуулук мектеп партасынан калыптанат

Окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо  максатында  Керме-Тоо  мектебинде мезгил-мезгили менен иш чаралар өткөрүлүп турат. Жакында эле  Ооган согушунун ардагери,  генерал-майор Мурзали Бөрүбаев окуучулар менен жолугуп маектешти. Ардагердин айткан сөздөрү окуучулардын патриоттук сезимин ойготуп, мекенге болгон сүйүүсүн арттырды. Жогорку класстардын окуучулары мекенди коргоо зарыл экенин түшүнүштү. Иш чара тарбиялык иштердин мүдүрүнүн  орун басары Айнура Мамырова эжеке тарабынан көзөмөлдөнүп, кыргыз тил мугалими Алмамбетова Саадат эжеке, орус тил мугалими – Калчороева Гүлмира эжекелер тарабынан атайы концерттик программа тартууланды. 10 а -10 б – класстарынын уландары «бүркүт» жана «шумкар» командаларына бөлүнүп, аскерге чейинки даярдык таймашын көрсөтүштү. Келген коноктор тарабынан мектеп жамаатына чоң ыраазычылык билдирилип, «Баткен ардагерлер коому» жана Аскер комиссариаты тарабынан мектеп администрациясына  жана катышкан  окуучуларга ардак громаталар тапшырылды.

                       Ата-энелер форумга катышышат

   Билим берүү демилгелерин колдоо фонду(ФПОИ), мектептин консолидация фонду тарабынан «ата-энелер менен чогуу» долбоору  боюнча   Сорос фонду тарабынан тренинг өткөрүлдү. Ага Керме-Тоо мектебинен Айнура Мамырова жана парламент мүчөсү 8б-классынын окуучусу Бекташева Мырзайым катышып келди. Бул демилгенин максаты ата-энелерди мектеп турмушуна, балдардын окуу тарбиясына көбүрөөк тартуу жолдорун ишке ашыруу болду. 26-27-28-февраль  күндөрү түштүк аймактык   Сорос фонду тарабынан «Ата-энелердин мектепке   тартылышы окуучунун ийгилигине түрткү» деген темада уюштурулган форумуна катышып келүүгө шайланышты. Ал форумда түштүк аймагы  боюнча 25 мектептен 5 ата-энеден жалпы 75 ата -эне катышышат.

                                                        Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>