Жаштарга

Урпагыбыз айкөл Манас атанын,

Урматтайбыз улуу муун адамын.

Терс адатты таштандыга биз таштап,

Үйрөнөлү ыймандуулар сабагын.

 

 

Кыргыз уулу эр жүрөктүү дайыма,

Кыргыз кызы мээримдүү келет калкына.

Эли-жерин ыйык тутуп ар убак,

Намыскөйлүк берсе экен жаштарга.

 

 

Эмгектенип, билим алып окусак,

Элибизге кызмат өтөп биз турсак.

Ак батасын кимдер эле бербесин,

Доорубуздун пайдубалын  биз курсак.

 

 

Акылмандык, ыкчамдыкты үйрөнгүн,

Ач көздүккө, сараңдыкка көнбөгүн.

Пейилиңди жакшы жолго так үндөп,

Калыс болуп, чындык сөздү сүйлөгүн.

Айгерим Жумамамат кызы,

№11 В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин

8-а классынын окуучусу

 

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>