Биз окуган мектеп

Биздин мектеп наамын алып жүргѳн Уркуя Салиева 1910-жылдын 17-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тактек айылында туулган.   Ал ошол кездеги аялдын орду үйдѳ, казан- аякта,-деген  эски кѳз карашка  карабастан эски заман менен күрѳшүп, жакшы жашоону орнотууга бүткүл күч- аракетин жумшап, колхозду башкарып турган.  1934-жылы 3-февралда Уркуя Салиева ѳмүрлүк жолдошу экѳѳ тең душмандар тарабынан  ѳлтүрүлгѳн.

Ал эми кыргыздын алгачкы чыгаан кыздарынын бири Уркуянын ысымын алып жүргѳн  жатак мектеби 1948-1949-жылдары кыргыз кыздарын окутуу үчүн 200 орундук жатак мектеби болуп ачылган. Кайрадан 1956-жылы Ѳзгѳн шаарынан Ош шаарына которулган. 1974-жылы Ош шаардык комитетинин чечими  менен жатак мектепке  баатыр энебиз Уркуя Салиеванын ысымы ыйгарылган.

1993-1994- окуу жылында мектеп -лицей болуп, толук статуска ээ болду. 1996-2006-жылдары ОшТУнун курамына бириктирилип, 2006-жылдын 30-июнунан тартып Ош облустук таланттуу балдардын лицей- жатак мектеби болуп ѳзгѳрдү. Бул мектептен кыргыз элинин бир катар чыгаан уул-кыздары тарбияланышкан.

Мектепте азыркы мезгилде 519 окуучу билим алып тарбияланышса, 56 мугалим, табиячылар эмгектенишет.

                                                                       Курманбек Базарбаев,
У.Салиева атындагы лицей-жатак мектебинин
10-«В» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>