Ош шаарында жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен комитеттин окуу долбоорунун мүчѳлѳрү, мектеп окуучулары катышкан «Биз таза шаар үчүн» акциясы ѳткѳрүлдү. Аталган комитеттин жооптуу кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда акциянын катышуучулары ак кепкаларды кийип, шаарды таза сактоо боюнча жарнамаларды кѳтѳрүп бир катар кѳчѳлѳрдү кыдырып жүрүш жасашты. Андан соң шаардын борбордук кѳчѳлѳрүнүн биринде таштандыны ыргытып коюп, чекерээкте карап турушту. Таштандыны карап коюп ѳтүп кеткендер, таштандыга кѳңүл бурбагандар кѳп болду. Айрымдары кайрылып, таштанды таштоочу жерге таштандыны алып барып ыргытышты...
ДалееCategory Жаңылыктар
Журналист болууну самайсыңбы?
Интернет–журналистика мектебине жазыл!
«Youth of Osh» коомдук бирикмеси журналистика мектебине чакырат.
Окуу жүргүзүлүп жаткан мезгилден баштап жазган макалаң www.kloop.kg сайтына жайгаштырылат. Окутуу практика менен айкалыштырылат.
Үч ай ичинде:
макала (жаңылык) жазуу ыкмалары;
журналистикада Интернет–куралдарын колдонуу;
этика жана медиа мыйзамдары;
макала үчүн фотосүрөт;
аудио жана видео файлдар менен иштөө үйрөтүлөт...
Далее
Бүгүнкү күндѳ «Мээрим» балдар билим борборундагы «Куурчак театры» ийриминин катышуучуларынын кубанычтары койнуна батпай, иш абдан кызуу жүрүп жаткан учуру. Себеби, «Юз оф Ош» коомдук бирикмесинин «Жаштардын демилгелерин колдоо» долбоорунан грант утуп алышкан. «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси 56 миң сомго 23 куурчак (тростовой) жасатып беришти.
Ош шаардык билим берүү башкармасынын кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарында олимпиаданын тѳртүнчү туру аяктап, анда биринчиликке чыккан 36 окуучу республикалык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Олимпиада 4 тур менен ѳтүп, 10 предмет боюнча акыркы аймактык турга 162 окуучу катышышты.
Далее«Атам, апам жана мен»
Мектеп окуучулары менен ата-энелердин ортосундагы байланышты күчѳтүү максатында Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей жатак мектебиндеги 10-а класстын окуучуларынын ата-энелеринин катышуусунда « Атам,апам жана мен» деген темада практикалык конференция ѳткѳрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – бүгүнкү учурдагы ата-энелердин, мугалимдердин балдарга болгон жигердүү аракетинин натыйжасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, дегеле окуучулардын билим алууга карата кызыкчылыгын арттыруунун жолдору жѳнүндѳ сѳз болду.
Конференция кызыктуу ѳтүп, ата-энелер менен окуучулардын ортосундагы, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы мамилелер талкууланды. Ата-энелер, окуучулар бул саамалыкты уюштурган класс жетекчиси Гулипа Култаевага терең ыраазычылык билдиришти.
Бексултан АБИЕВ,
Уркуя Салиева атындагы жатак мектеп – лицейинин
10-а класстын окуучусу
Шаардык олимпиадада П.Нышанов атындагы мектеп алдыда
Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы № 50 мектеп –гимназиясынын окуучулары 12-январда болуп ѳткѳн шаардык олимпиадада жакшы ийгиликтерди жаратышты. Олимпиадада 11-класстарынан 6 окуучу ийгилик жаратса, алардын тѳртѳѳ биринчиликти алды, 9-10 кластарынын окуучуларынын арасынан 9 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул окуучулар азыркы убакта 26-февралда боло турган аймактык олимпиадага кызуу даярданып жатышкан убагы. Албетте, биз № 50 мектеп –гимназиясынын мугалимдери жана окуучуларынын атынан ийгилик каалап, алардын жетишкендиктер менен келишине ишенебиз.
Далее«Мисс-Ош-2013» сынагында 13 кыз таймашты. Таймаштын 5 шартын аткаруу үчүн кыздар абдан аракеттеништи. Адегенде кыздар ѳздѳрүн –ѳздѳрү тааныштырышты, андан соң улуттук кийимдерди, үлпөт көйнөктѳрүн кийип чыгышты. Эң кызыктуусу алардын суроо-жооп боюнча таймашышы болду.
Далее2013-жылдан баштап Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети тарабынан жаштар үчүн «Барс-Бек каган» сыйлыгы негизделди. Жаштар комитетинин тѳрагасы Сонунбек Жунусбаевдин айтымында бул сыйлыкты негиздѳѳ менен жаштардын чыгармачылыгын, билимин ѳнүктүрүү менен алардын саясий жана атуулдук активдүулүгүн жогорулатууга жана алардын жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳнүктүрүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүлмѳкчү.
ДалееБиринчи жолу паспорт алып жаткан 100 миң кыргызстандыкка ушул жылдан тарта ID-карталар бекер берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев 16 жашка чыккан жана жаңыдан паспорт алып жаткан 20 өспүрүмгө паспорт тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, биринчи паспорт алуу укугуна жыл сайын 114 000дей жаран ээ болот. Ал эми жаңы башталып жаткан 2013-жылдагы бул долбоор быйыл сынамык долбоор катары ишке киргизилген: «Азырынча бул сынамык долбоор болуп эсептелинет, бирок, эгерде анын жүрүшү талаптагыдай ишке ашса, анда мындан ары 16 жаштагы жарандарыбызды бекер паспорт менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот», – деди Т.Сарпашев.
ДалееКыргызстандын ички иштер министрлигинде «Кесибинин мыктысы», «Мыкты ички иштер уюму», «Мыкты ардагерлер кеңеши» наамдары боюнча республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Далее2012-жылдын 27-декабрында Келечек балдардын чыгармачылык борборунда, «Балаты-2013» аттуу Ош шаарынын мэриннн балаты майрамы ѳткѳрүлмѳкчү. Ош шаардык мэриясынын социалдык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Гүлмира Каратаеванын билдиргенине караганда майрамга Ош шаарында жашаган, аз камсыз болгон үй бүлѳлѳрдүн балдары, 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгон, дайынсыз жоголгон жарандардын балдары, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй бүлѳлѳрдүн балдары болуп, бардыгы 240 бала мэр тарабынан ѳткѳрүлгѳн Жаңы жылдык балаты майрамына катышмакчы.
ДалееОш шаардык билим берүү башкармасынын начальнигинин орун басары Абдыкалык Акжоловдун билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарындагы мектептердин бардыгында кышкы каникул Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык республиканын бардык мектептериндегидей эле 24-декабрдан башталып, 11-январга чейин созулмакчы. Белгилеп кетүүчү жагдай,бүгүнкү күндѳ Ош шаарында 56 мектепте 49 миң 431 окуучу билим алышууда.
Каныкей БАКТЫБЕКОВА...
ДалееОш шаарында дүйнѳлүк руханий бийиктиктин чокусу, улуттун сыймыгы, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ карата Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын жан дүйнѳсүндѳ» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды.Сынак 4-декабрда №42 Керме-Тоо орто мектебинде болуп, шаардагы кыргыз тилдүү бардык мектептердин окуучулары катышты.Окуучулар мыкты даярдыктарын, актердук чеберчиликтерин кѳрсѳтѳ алышты.
ДалееОш шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектептин жаңыдан түзүлгѳн футболдук командасы шаардагы 20 мектептин командаларынын ичинен тѳртүнчү орунга татыктуу болду. Жакында шаардын Манас кичи районунун Нурспорт залында 20 мектептин футболчулары катышкан мелдеш ѳткѳзүлдү. Мелдеште №17 мектептин командасынын оюнчулары мыкты ойноп, жаңы түзүлгѳнүнѳ карабастан тѳртүнчү орунга татыктуу болушту. Белгилеп кете турган жагдай, команда жакында эле №12 мектептин командасы менен таймашта 2-3 эсебинде утулуп калышкан.
ДалееОш шаарындагы «Мээрим» балдар бакчасында кичинекей бѳбѳктѳр үчүн 21-декабрь аябай ѳзгѳчѳ кубанычтуу күн болду. Күндѳ бүркѳлүп турган күн да жаркырап тийип турду. Ушул күнү балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн Арча майрамы ѳткѳрүлдү. Майрамга бѳбѳктѳр аябагандай кооз кийинип келишкен. Араларында ар-түркүн жан-жаныбарларга окшошуп, жомоктордогу каармандарга окшошуп кийинип келгендер да бар. Эки жаштан ѳйдѳгү балакайлар аяз-ата, аяз кыз, кыш жѳнүндѳ декламацияларды жаттап келишип, Аяз атага айтып берип белектерди алып жатышты. Майрамдын жүрүшүндѳ бѳбѳктѳр ар-түрдүү оюн-зооктордуу ойноп, ар-кандай ырларды ырдады.
Далее















Комментарии