Бир күнү акылман арабага түшүп келе жатыптыр. Ал арабасын токтото калып эңкейип караса, жолдо кичинекей бала шаар жасап ойноп жатат. Акылман: -Балам, арабага жол бербейсиңби?-деди. Бала акылмандын баш-аягына карап туруп:-Чоң ата, мен шаар салып жатпаймынбы. Шаар арабага жол бербейт. Араба шаарды айланып ѳтүшү керек го,-дейт. Акылман абдан таң калат.
Арабадан түшүп келип:-Балам, жашыңа караганда акылың кѳп экен,-деди. –Эмне үчүн андай дейсиз, коендун бѳжѳгү үч күндѳн кийин жүгүрүп кетет. Жети жашка келгиче, мен кантип бир нерсени билбейин,-дейт бала. Акылман жылмайып: -Мен сага бир нече суроо берейин. Жооп берсең бир нерсе билээриңе ишенейин,-дейт. -Кандай сууда балык болбойт? Кандай тоодо таш болбойт? –Кандай жыгачта бутак болбойт? Ушуларга жооп берчи дейт акылман. –Булактын суусунда балык болбойт. Кум дѳбѳдѳ таш болбойт. Чирик жыгачта бутак болбойт .-деп жооп берди бала. Кичинекей баланын акылына акылман абдан таң калып, «Балам окууну кѳп оку. Акылың дагы арбыйт. Ѳмүрүң узун болсун,-деп баланын шаарын айланып ѳтүптүр.
Асадбек Расулов,
М.Сабиров атындагы орто мектептин 7-Г классынын окуучусу
Комментарии