Тилибиздин эртеңкиси ойлонтот

Кыргыз туруп кыргыз боло албаган,

Кийиз жүрөк “киргиздерге” таң калам!

Эне тили гүлдөп жаткан,

эне тилде сүйлөп жаткан,

коңшулардан арданам!       (Эсенгул Ибраев)

 Бул ыр саптары акындын каңырыгын түтөтүп, өзөгүн өрттөп, жүлүнүн куйкалап, жүрөктүн  тереңинен жанар тоодой атырылып, эне тил үчүн  жаралган чыгаар. Жогорудагы  керемет ыр саптары акын, мыкты калемгер, Эсенгул Ибраевге таандык. Бул акын эне тилин чанган тилазарларга, өз элин саткан саткындарга, эки жүздүү, адам келбетиндеги айбандарга зээни кейип, өздөн  чыккан душмандарга  бир үзүм тарбия болоор деп, жаратса керек бул чыгарманы. Ооба! Чынында тарыхы тереңге кеткен эне тилибиз бүгүн өтө  кейиштүү абалда турат. Кезинде “Манастай” эпосторду,”Куманбектей”  даңкан жарган дастандарды жараткан көрөңгөлүү  кыргыз тилинин жоголуп бара жатышына ким күнөөлүү?  Заманбы?  Же өзүнүн тарыхын унутуп бара жаткан, маңкурт сымал өз элине душман, өз тилине кайдыгер караган кайран кыргыз элиби? Балким ааламдашуу доорунун терс толкундарыдыр.                    Же такка минип, таажы кийип  олтурган бийлик төбөлдөрүнүн, чиновниктердин, өз очогуна күл тарткан депутаттарыбыздын  шалаакылыгыдыр. Туура, тил келечеги үчүн  пайдалуу боло турган токтомдорду иштеп чыгуунун ордуна, эл өкүлдөрүбүз бири бирин креслодон кантип шыпыруу керек экенин ойлоп,  кайсы партиянын өкүлүнө кайсы кызмат тиерин гана ойлоп, өз көмөчүнө күл тартуу менен гана алектенип калганы зээн кейитет.   Эл үчүн  жарытаарлык деле иш жасабай жаткан бийликтин үч бутагы тең  жүрөгүнүн  сокурлугун, патриоттук канынын токтоп калганын жасаган иштеринен көргөзүшүүдө. Мамлекеттик жыйындарда орусча сүйлөп, ассамблеяларда эне тилди көмүскөдө  калтырып жаткан төбөлдөр  кантип элге үлгү  боло алмак. Жадагалса мамлекеттик бир топ  расмий иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү  да орус тилинде жазылып жатканы кыргыз тилинин эне тилдик деңгээлин төмөндөтүүдө.

         Ал эми бул көйгөйдүн экинчи фактору бул-коом. Орус тили өлкөбүзгө  расмий тил катары бекитилгенден бери, эне тил анын алдында алсыз болуп, көпчүлүк  иштер орус тилинде аткарылып калды. Жадагалса өлкөнүн жарандары да орус тилинде сүйлөп, баарлашуу дээрлик  орус тилинде  жүрүп  калды. Бул коомдун айыбы. Жогорку жана орто билим берүү  мекемелеринде да орус тилине басым коюлуп, сабактар орус жана англис тилинде өтүлүп, алар орус аралаш киргиздерди тарбиялап жатканы замадын ачуу чындыгы. Коомдук жайларда жаштардын орусча сүйлөп жаткандыгы жүрөгүңдү оорутат. Заманбап деп орус тилинде сайрап, эне тилде баарлашууну уят эсептеген жаш өспүрүмдөр  эртең өлкөнүн  келечегин кантип түзөт-, деген актуалдуу суроо улам тынчымды алат. Кантип ушул жаштар орус тилинде сүйлөп, ойлонуп  туруп, орустардын менталитетин кыргыз менталитетинен жогору коюп туруп кыргыздын патриоту  боло алат? Мен кээде коркуп кетем, ушул жаштар Кыргызстанды-“Киргизстанга” айландырып таштайбы,-деп. Күн санап жаштар тарыхтуу, санжыралуу, сөз баккан, эне тилди аздектеген, улуу элдин уулдары экенин унутуп бара жаткансыйт. Тил жоголсо -эл жоголот, кыргыз элин сактап калгыбыз келсе, анда тилибизди аздектейли, сактайлы, санжырабызды жана тарыхыбызды багалы, өнүктүрөлү. Бул тарыхтын жана замандын талабы.

 Бийлик төбөлдөрү  тил келечегине пайдалуу боло турган токтомдорду иштеп чыгышсын. Чиновниктер, эл өкүлдөрү мамлекеттик тилде сүйлөп, мамлекеттик жыйындар  мамлекеттик  тил менен ачылсын. Массалык маалымат каражаттары толук  таза мамлекеттик  тилде иш алып барсын. Жаштар мамлекеттик тилде сүйлөп,  кыргыз тили коомго  жана жашоого аралашсын. Жарнама, көрнөк – жарнактар эне тилде жазылсын. Жогорку жана орто билим берүү мекемелери  90%  мамлекеттик тилде иш алып барсын. Ошондо гана тилибиз өнүгөт.Ошондо гана элибиз кылымдарга  өмүр сүрөт. Келечегибизге кайдыгер карабасак -анда тилибизге да кайдыгер карабайлы…

Адилет  Ильяз уулу,

№31 Курманжан Датка атындагы орто мектептин

 9”б”-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>