Япондордун сакурасы

сакура 3

сакура 4

Япониянын илгерки легендасында гүлдөп турган сакураны  суктанып тиктеген адамдын ден соолугу чың болот, өмүрүңдү узартат, жүз жашка чейин жашайсың деп айтылат.

 Сакуранын гүлүнүн  кооздугуна   дүйнө жүзүндө эч бир гүл  тең келе албайт деп эсептешет япондуктар.

 Японияда  гүлдөп турган сакуранын алдында  ыр жазуу салтка айланганын бардыгыбыз эле билбейбиз. Сакура Японияда ыйык дарак катары эсептелет жана анын аурасы поэзия жаратууда таасирин тийгизет деп эсептелет.

Сакура –японияда жаштыктын, сулуулуктун символу катары  бааланат.  Гүлдөгөндө эч бир өсүмдүк тең келе алгыс кооз вишня  дарагы..

Сакура-вишнянын эң кооз түрү.  Ал эрте жазда гүлдөйт жана анын гүлдөрү  агыш -ачык  розовый  түстө болот дагы көңүлүңдү өзүнө тартып турат. Бирок  анын гүлдөрү бир жумага жетпеген убакыт гана турат.Катуу шамал же жамгыр болсо гүлдөр бир жумага да жетпей түшүп калган учурлар болот. Жаздын  жакындашын  Японияда сакуранын гүлдөшү менен байланыштырышат.Сакураны негизинен ыйык өсүмдүк катары  урматташат. Анын мөмөсүн, жалбырактарын, гүлдөрүн  айрым учурларда гана тамак ашка пайдаланышат.  Сакуранын сүрөтүн  Япониянын полиция кызамткерлеринин жана аскер кызматкерлеринин гербдеринен, окуучулардын жана  аскер кызматкерлеринин баш кийимдериндеги рангды  көрсөткөн белгилерден көрүүгө болот.

Илгертен эле Сакуранын гүлдөгөн  мезгили  жаңы жылдын  жаңырышы,  жазгы талаа   иштеринин башталышы катары  бааланган. Эгер сакура абдан төгүлүп  гүлдөсө  Япондук дыйкандар  быйыл түшүм абдан мол, берекелүү болот деп эсептешкен. Мындан сырткары  сакура көзү өткөн  ата-бабалардын руху  жашаган жай катары эсептелет жана аны суктанып тиктөө, ата-бабалардын арбагын  тынчтандырат, ыраазы кылат, гүлдөрүнө болгон урмат   ата-бабаларга  болгон сый –урмат  деп эсептешкен. Эгер сакураны  көңүлүңдү төшөп, мээримиңди  төгүп  карасаң сен  ата-бабаларыңды урматтаганың,   сакураны  сүйүп тикте,  ошондо сенин ата-бабаларың сага ыраазы болот, сени колдойт, сага жардам берет деп эсептешкен.

                                                                   Сайкал Нурбек кызы,

                                                         Керме-Тоо  гимназия  мектебинин

                                                   9-Б классынын окуучусу

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>