Кышкы каникул

                                                                                          

Быйылкы кышкы каникул өтө узак болду. Кыргызстандын мектеп окуучулары 24-декабрдан 14-январга чейин эс алышты. Бул кардын көп жаашына жана катуу суукка байланыштуу болду дешет.

Кышкы каникул мезгилинде 2012-жылды узатып, жаӊы 2013-жылды тостук. Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандагы эӊ бийик балаты орнотулду. Элдер ошол жакка үй-бүлөлөрү менен барышып, Аяз ата жана Аяз кыз менен сүрөткө түшүшүп, салют атышып жана бийлеп жатышты. Биз да үй-бүлөбүз менен бардык. Жаңы жылды көӊүлдүү тостук.

Майрамдан кийин да эс алуу үчүн убакыт жетишээрлик болду. Аны ким кандай өткөрдү. Көпчүлүгү үйдө эле отуруп, сыналгы көрүп, эшикте ойноп, түшкө чейин уктап, компьютердик оюндарды ойноп жана шаарды айланып жатышты. Ош шаарынын көчөлөрүндө чананы зуулдатып тебишип, каникулду көӊүлдү өткөрүп жаткан окуучуларды көрсө болот.

Ошондой эле каникулду пайдалуу өткөргөн окуучулар да болду. Алардын бири Ош шаарындагы Манас орто-мектебинин 9-классынын окуучусу Талантбек Арыпов “Азия-плюс” спорт клубунда машыгуусун улантты. Ал бокс менен бир жылдам бери машыгып жүрөт. Талантбек кышкы каникулда түштүк аймактык бокс боюнча турнирге катышып жеӊишке жетишти. ”Бокс-бул күч жана ден-соолук” деди.

Кээ бирлери үйгө берилген тапшырмаларды аткарып, китеп окуп жатышты. Каникул мезгилинде ата-энелерине соодага жардам берген балдар жана кыздар көп болду.

Кышкы каникул окуучулардын сүйүктү мезгили!

Маматалы уулу Азамат,
“Олимп” мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>