Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө шаардагы мектептердин мыкты 58 окуучусунун сүрөттөрү илинди. Ош шаардык билим берүү башкармасынын адиси Дилбар Самидинованын билдиргенине караганда шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен шаардагы улуттук драма театрынын, Семетей кинотеатрынын, Сулайман Тоонун жана «Сымбат» акционердик коомунун жанына мектептерде мыкты окуган окуучулардын жана шаардык олимпиадада жеңишке ээ болгон 9-класстын окуучуларынын сүрөттөрү бажырайып илинип турат. Максат- мыкты окуучуларга стимул берүү, дагы жакшы окуганга көмөк берүү,-деди ал.
Азамат Маматалы уулу.
Комментарии