Нооруз-көктөм майрамы (Фото баян)

IMG_3800

IMG_3805

IMG_3813

IMG_3815

IMG_3821

IMG_3823

IMG_3826

IMG_3827

IMG_3838

IMG_3843

Ат оюндары

Жаз келди, Нооруз келди!

Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март күнү Нооруз майрамына арналган  майрамдык салтанат болуп өттү. Борбордук аянт майрамга арналып жасалгаланган. Майрамга арналган салтанатты Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  ачып, шаар тургундарын, меймандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, шаардыктарга чың ден соолук, бакты, таалай, иштеринде ийгиликтерди каалады. «Нооруз-жаңылануунун жана ынтымактын майрамы. Жаңырган жыл жигердүү, эмгектин жылы болсун,  ар бир үйдө, мекенибизде тынчтык, ынтымак, береке болсун»,-деди. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлү Сооронбай Жээнбеков  жаз менен келген жаңы жылда эл, жерибизге  жакшылыктарды, ийгиликтерди  каалай тургандыгын билдирди. Россия Федерациясынын  Оштогу консулу А.В.Овсянников ана башкалар  Нооруз майрамы менен куттукташты. Нооруз майрамынын  ачылышында байбичелер Ноорузга келгендерди ысырыктап өтүштү. Майрамдын катышуучуларына ак элечекчен байбичелер, энелер сүмөлөк алып келишти. Андан соң Борбордук аянтта  Жаздын келиши театрлаштырылып  көрсөтүлүп, Оштогу Жогорку окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары түрдүү улуттардын бийлерин бийлешип,  өнөр  чеберлери  ырдап, өнөлөрүн көрсөтүштү. Майрамдык салтанаттын акырында  жаштар асманга  шарларды учурушту. 

                          Ат оюндарында Өзгөн озду

Ушул эле күнү Ош шаарынын ипподромунда  Нооруз майрамына арналган ат оюндарынын  финалы болуп өттү.  Көк бөрү, кунан чабыш, жорго салыш, аламан байге, оодарыш сыяктуу оюндар ипподромдо 19 –мартта башталып, таймашка  Түштүк Кыргызстандын үч облусунан жана Ош шаарынан төрт команда катышып, жеңишке жетишүүгө күрөш абдан катуу болду. Натыйжада  биринчи  орунга Ош облусунун Өзгөн району,  экинчиликке  Ош шаары, ал эми үчүнчү орунга Баткен облусунун   командалары  татыктуу болушуп, жеңүүчүлөр байгелерин алып кайтышты.

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>